Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:05

Өмүрбек Текебаев сабалган жерге тергөө тобу барды


Өмүрбек Текебаев сабалгандан кийин. 1-декабрь, 2021-жыл.
Өмүрбек Текебаев сабалгандан кийин. 1-декабрь, 2021-жыл.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев өзүнө болгон кол салууга байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук милициясына арыз жазат. Көз айнеги тартылып алынгандыктан арыз жаза албай жатканын айтты. Окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө тобу барды.

Саясатчыга 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болду. Анын сөзүнө караганда, үч маршрутка менен 70ке жакын адам барып эки-үчөө ур-токмокко алган. Жаалданган топ саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Ал муну сасий ишмердиги, тагыраагы шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ага кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Укук коргоо органдарынан комментарий боло элек. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттерге" "Кыргызстанда саясий зомбулукка орун жок" экенин жазды. (BTo/MTa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG