Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

БШКнын алдына митингге чыккандар тарады


БШК имаратынын алдына митингге чыккандар. 1-декабрь, 2021.
БШК имаратынын алдына митингге чыккандар. 1-декабрь, 2021.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында 28-ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын митинги аяктады. Ага партиялардын 300гө чукул өкүлү келип, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Ушул тапта БШКнын Маалыматтык шайлоо системасында кетирилген мүчүлүштүктү талкуулаган жыйын өтүп жатат. Ага шайлоого катышкан партиялардын мүчөлөрү, бир мандаттуу округдан шайлоого ат салышкан айрым талапкерлер менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

БШКнын техникалык адиси добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык эсептөөчү урналардан түшкөн маалыматтарды системага чыгарууда партиялардын талапкерлери алган добуштар эки жолу саналып калганын түшүндүрүп берди. Ал 28-ноябрдагы ката 15 мүнөттүн ичинде кайра калыбына келтирилгенин кошумчалады.

Президент Садыр Жапаров, Борбордук шайлоо комиссиясы жана Улуттук коопсуздук комитет система техникалык адистердин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG