Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Текебаевдин тарапташтары УКМКнын алдына чогулду


 Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары УКМКнын алдында. 1-декабрь, 2021-жыл.
Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары УКМКнын алдында. 1-декабрь, 2021-жыл.

“Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү жана Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдына нааразылык акцияга чыгышты.

Алар саясатчыга кол салгандарды тез арада таап жоопко тартууну талап кылып жатышат. Партиянын мүчөлөрү бүгүнкү болгон окуяны оппозициялык саясатчыларга болгон чабуул деп баалап, бийлик алардын коопсуздугун камсыз кылышы керек деп эсептешет.

Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги Park Hotel мейманканасынын тамактануучу жайында кол салуу болгону кабарланган. Анын сөзүнө караганда, үч кичи автобус менен 70ке жакын адам барып, аны эки-үчөө ур-токмокко алган. Жаалданган топ саясатчынын уюк телефону менен көз айнегин алып кеткен. Ал муну саясий ишмердиги, шайлоого байланыштуу позициясы менен байланыштырды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңешке шайлоого “Ата Мекен” партиясын жетектеп барды. Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыгын тааныбай, партиялаштары менен аны жокко чыгарууну талап кылып жатат.

Ага кимдер кол салганы азырынча белгисиз. Укук коргоо органдарынан комментарий боло элек. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Твиттерге" "Кыргызстанда саясий зомбулукка орун жок" экенин жазды.

Окуя болгон жерге райондук милициянын тергөө тобу барганы маалымдалды.

Президент Садыр Жапаров "Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырганы" расмий айтылды.(BTo)

XS
SM
MD
LG