Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

Гондураста биринчи аял президент шайланды


Гондурастагы солчул партиянын лидери Сиомара Кастро.
Гондурастагы солчул партиянын лидери Сиомара Кастро.

Гондураста бийликтеги партиянын лидери Насри Афура шайлоодо утулганын билдирип, атаандашы Сиомара Кастронун жеңишин тааныды. 28-ноябрда өткөн шайлоонун добуштарынын теңи саналып бүттү. Асфура 20% артта калууда.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Гондурастын жарандарын шайлоону ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктады.

«Кошмо Штаттар Гондурастын элин жана Сиомара Кастрону мамлекеттин алгачкы аял президенти болушу, тарыхый жеңиши менен куттуктайт»-деп жазылат Бликендин билдирүүсүндө.

Мамкатчы ошондой эле шайлоочулардын катышуусу жакшы болгонун, добуш берүү тынч өткөнүн жана жарандык коомчулуктун активдүүлүгүн баса белгиледи.

Кастронун жеңиши менен солчулдар 12 жылдык тыныгуудан кийин кайра бийликке келет. 2009-жылы анын жолдошу, мурунку президент Мануэл Селайи мамлекеттик төңкөрүштүн жыйынтыгында бийликтен кулатылган.

Борбордук Америкадагы бул мамлекетте кырдаал анчейин жакшы эмес. Жумушсуздук 10% түзөт. Көчө кылмыштуулугу күчөп, айрым райондор былтыр эки жолку катуу шамалдан кийин жер менен жексен болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG