Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:34

Коррупцияга каршы кеңешке шайлоо мыйзамдарын бузууга байланыштуу 205 арыз түштү


Добуш берүү учуру. Бишкек шаары. 28-ноябрь, 2021-жыл.
Добуш берүү учуру. Бишкек шаары. 28-ноябрь, 2021-жыл.

“Таза жана адилеттүү шайлоо үчүн – өлкөнүн ар намысы үчүн” коомдук платформасына шайлоо процессинде мыйзам бузуу боюнча 205 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 1-декабрда Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин башкы катчысы Нурипа Муканова маалымат жыйында билдирди. Арыздардын басымдуу бөлүгү Чүй жана Ош облусунан, Бишкек шаарынан түшкөн. Анын айтымында, аталган кеңештин аймактык өкүлдөрү 28-ноябрь, добуш берүү күнү шайлоо процессинин алкагында мыйзамдын сакталышына көзөмөл жүргүзүштү. Алар добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу сыяктуу коррупциялык учурлар боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Муканова арыздардын айрымдары ИИМге, кээ бири БШКга жөнөтүлгөнүн кошумчалады.

Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши Борбордук шайлоо комиссиясы жана Ички иштер министрлиги менен биргеликте “Таза жана адилеттүү шайлоо үчүн – өлкөнүн ар намысы үчүн” коомдук платформасын ишке киргизген. Шайлоодогу мыйзам бузуулар тууралуу маалыматтарды кабыл алуу үчүн Telegram каналын жана сайтын ачкан.

Мындан сырткары шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча БШКга, ИИМге өзүнчө арыз-даттануулар түшкөнүн аталган мекемелер билдиришкен.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек. Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% тегерегинде болду.

XS
SM
MD
LG