Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:47

"Садыркулов иши": 10 жыл бою издөөдөгү Сапарбеков кармалды


Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев жана администрация жетекчиси Медет Садыркулов.
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев жана администрация жетекчиси Медет Садыркулов.

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда президенттик администрацияны жетектеген Медет Садыркуловду өлтүрүүгө шектүүлөрдүн бири Санжар Сапарбеков кармалганын билдирди.

Ал он жылдан бери эл аралык издөөдө болуп, кармалбай келген. Тергөөдө кикбоксинг чебери Санжар Сапарбеков бала кезинен берки Максим Бакиевдин жакын досу катары белгиленген. Сот анын бөгөт чарасын карап, тергөө аяктаганга чейин абакта кармоо чечимин чыгарды.

Сапарбековдун "Бишкек сапары"

Ички иштер министрлиги 28-ноябрда Бишкекте мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрациясынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловду жана анын эки шеригин өлтүрүүгө шектелип, 10 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн 41 жаштагы Санжар Сапарбеков кармалганын жарыялады. Айыпталуучу жакында 26-ноябрда кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 27-ноябрда бөгөт чарасын карап, тергөө аяктаганча аны №1 тергөө абагына эки айга камады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кылмышка шектүү Санжар Сапарбековдун Бишкекте кандай кармалганы жана анын бул иштеги ролу тууралуу тергөөнүн жыйынтыгы боюнча гана маалымат берилет дейт.

“Кылмышка шектүү Минскиден эмес, бул жерден эле кармалды. Кылмыштын болгонуна 12 жыл, ал эми кылмыш иши козголгонуна 10 жыл убакыт өткөн. Азыр тергөө иштери кайрадан жанданды. Анткени, алар өлкөдө жок болуп, эл аралык издөө жарыялангандыктан тергөө иштери токтотулган болчу. Сапарбеков аталган ишке тиешеси болгон үчүн ага издөө жарыяланган. Анын кандай жагдайда бул жакка келип, кармалганы жана анын аталган иштеги ролу кандай болгону боюнча тергөөнүн жыйынтыгынын негизинде гана кийин кошумча маалымат берилет ”, - дейт Осмонбаев.

Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелип, эл аралык издөө жарыялангандар.
Президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектелип, эл аралык издөө жарыялангандар.

Үч бирдей өлүмдүн себеби

Тергөөнүн буга чейинки материалдары боюнча Медет Садыркулов Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочусу Кубат Сулайманов менен 2009-жылы 13-мартка караган түнү Алматыдан кайтып келе жатып, “Акжол” чек ара өткөрмөсүнөн өткөн соң МАИ кийимчен адам токтотуп, алар отурган автоунааны Бишкектин четине айдатып, ошол кездеги президенттин иш башкармалыгынын башчысы Курманбек Темирбаевдин дачасына алып барып, үчөөнү тең уруп-согуп, өлтүргөнү белгиленген. Бул кылмыш ишинде ошол кездеги президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси Жаныш Бакиев бул иштин уюштуруучусу жана катышуучусу катары көрсөтүлгөн.

Садыркуловдун шакирти Искендер Гаипкулов бул саясий мүнөздөгү буюртма адам өлтүрүүнүн себебин мындайча сыпаттаган:

Искендер Гаипкулов. Жогорку Кеңештин депутаты.
Искендер Гаипкулов. Жогорку Кеңештин депутаты.

“2010-жылдагы ыңкылаптын негизги себептеринин бири дагы дал мына ошол Садыркуловдун өлүмү болду. Анткени ал кызматтан кетип, президенттин саясатына макул эместигин айтып, оппозициянын өкүлдөрү менен жолугуп, мамлекеттик саясатты туура жолго салууга кам көрө баштаган. Ошондуктан аны коркунуч катары көрүп, көзүн тазалоого барышты. Бул киши менин устатым болчу. Биз аны сатып кеткен жокпуз. Ал киши кызматтан кеткенде, командабыз менен кетели деген сунуштар болгон. Ал Казакстанга барып, ошол жакта сырттагы кишилер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү анын коопсуздугуна коркунуч жаратканын кийин бардыгы билген”- дейт экс-депутат.

Чек арадан дачага чейин...

Бул козголгон кылмыш ишинин алкагында 2011-жылы мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын, милициянын жана чек ара кызматынын жогорку деңгээлдеги жана катардагы 17 кызматкери жоопко тартылган.

Ал эми “Акжол” чек ара бекетинен өткөндө автоунааны токтотуп, күч менен ага ээлик кылып, Бишкектин чыгыш тарабын көздөй айдаткан топтогу алты адам 2010-жылы бийлик алмашкан соң өлкөдөн качып, кийин аларга эл аралык издөө жарыяланган.

Бул топ кылмышты түздөн түз аткаруучулар катары тергөө ишинде белгиленген. Алар - Жаныш Бакиевдин курсташы, Мамлекеттик күзөт кызматынын бөлүм башчысынын орун басары Тахир Рысалиев, Ички иштер министрлигинин Кылмыш издөө Башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы, полковник Айбек Абдразаков, атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери Эргешбек Маткайымов, Мамлекеттик күзөт кызматынын офицерлери Бакыт Байжанов, Марат Турдукулов жана Максим Бакиевдин спортчу достору Рустам Сайдуев менен Санжар Сапарбеков болгон.

Булардын ичинен мамлекеттик күзөт кызматынан ишке аралашкан үчөө - Эргешбек Маткайымов, Бакыт Байжанов жана Марат Турдукулов кармалып, сот жообуна тартылып, ар биринин кылмышка аралашканына жараша 15 жылдан 18 жылга чейин күчөтүлгөн жаза мөөнөтүн өтөөгө кесилген. Ал эми Жаныш Бакиев баш болгон алты кишиге сыртынан сот өкүмү чыккан.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары Акмат Бакиев, Жаныш Бакиев жана Максим Бакиев эл аралык издөөдө. Сүрөт Интерполдун расмий сайтынан.
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары Акмат Бакиев, Жаныш Бакиев жана Максим Бакиев эл аралык издөөдө. Сүрөт Интерполдун расмий сайтынан.

Офицерлер менен кылмыш дүйнөсүнүн тандеми

Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Рафик Мамбеталиев "погончондор менен кылмыш дүйнөсү бириккен" бул иштеги негизги фигуранттар тууралуу мына буларга токтолду:

“Алар эми мына ошолордун жанында жүргөн балдар. Ошол кезде эле ушулар автоунааны чек арадан тосуп алып, дачага алып барышып, ошол жактан териштирүүнү уюштурууга жардам берген топ болгону аныкталган. Азыр тергөөчүлөр мына ошол окуянын ар бир учурун жана ар бир кызматкердин аткарган ишин аныктап, тактаганда эле бул иште кимдин тиешеси канчалык болгону далилденет. Биздин учурда алар өлкөдө жок болуп, эл аралык издөөдө жүргөн. Алар уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышта болгон балдар болчу. Ал (Санжар Сапарбеков) жарым-жартылай спортчу катары да белгилүү эле. Ал эми аны менен бирге полковник Айбек Абдразаков милицияда бөлүм башчы болуп иштеп турганда бул ишке аралашкан. Алар ошол кезде качып кетүүгө үлгүргөн. Андан бери канча убакыт өттү. Азыр иштеп жаткандар мына ошонун бардыгын кантип териштирет, аны айта албайм. Бул иштеги негизги фигуранттар 5-6 киши. Анын бардыгын кармамайынча күнөөнү бири-бирине оодара беришет. Аны алып келип камагандан кийин эми териштире баштаса, анан бардыгы билинет да”, - деди Рафик Мамбеталиев.

Ал эми Санжар Сапарбековдун жактоочусу же жакындары анын бул ишке байланыштуу кармалганы боюнча азыр комментарий бере элек. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал кикбоксинг боюнча спорт чебери болгон жана мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын чөйрөсүнө кирген.

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев бул иште тергөө менен сотко кандайча басым болгонун төмөндөгүчө эскерген жайы бар:

Мелис Турганбаев, мурдагы ички иштер министри.
Мелис Турганбаев, мурдагы ички иштер министри.

“Сот болду. Кармалгандары тиешелүү жазасын алышты. Бирок бул иш боюнча тергөө маалында, сот жараяны жүрүп жатканда дагы аябагандай көп тоскооолдуктар болду. Бакиевдер тарабынан аябагандай чоң акча келип, айыпталуучулардын адвокаттары жайнап кетти. Алар кылмыш ишин болушунча бурмалаганга аракет жасашты. Күбөлөрдү коркутуу жана аларга басым жасаган же сатып алууга бир топ аракет болду. Ошону менен бул иштин биринчи этабын аяктадык. Экинчи этабында, өлкөдөн качып кеткен күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкерлерин кармап келип, жоопко тартуу милдети алдыда турат. Сыртта качып жүргөн Жаныш менен Максимдин иштери өзүнчө бөлүнүп коюлган. Тергөө иштери дагы жүрөт”.

Кылмыштын күбөлөрүн тазалоо

Эске салсак, 2009-жылдын 13-мартында Бишкектин четинде болгон кырсыктан президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов жол кырсыгына кабылып, каза болгону тууралуу кабар тараган.

Бул жол кырсыгына Өмүрбек Осмонов аттуу адам айыпталган. Сот аны 12 жылга жатак абагына кескен.

2010-жылы 7-апрель окуясынан кийин Өмүрбек Осмонов өлтүрүлгөн. Сөөк Бишкектин жанындагы жаңы имараттардын биринен табылган. Белгисиз адам ага 11 жолу бычак сайган. Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Садык Борбуев Садыркуловдун унаасы менен кагышты делген "Ауди" автоунаасынын айдоочусу Өмүрбек Осмоновдун көзүн тазалаганы үчүн 18 жылга эркинен ажыратылган. Бул кылмыштардын бети "Бакиевдердин кланы" кулатылгандан кийин ачылган.

Президенттик администрациянын экс-жетекчиси Медет Садыркулов отурган машине менен аны менен кагышып күйүп кетти делген машинени калдыгы. 13- март, 2009-жыл.
Президенттик администрациянын экс-жетекчиси Медет Садыркулов отурган машине менен аны менен кагышып күйүп кетти делген машинени калдыгы. 13- март, 2009-жыл.

Ал эми 2008-жылы жаңы жылда президенттик администрацияда иштеп турган учурунда Медет Садыркуловдун үйүнө адамдын “кулак-мурдун” белек кылып жөнөткөн чуулгандуу окуя болгон. Бул кылмыш иши ошол маалда ачылып, анын артында дагы Жаныш Бакиев турганы белгилүү болгон. Бул кылмыш ишин ошол кезде Мелис Турганбаев жетектеген оперативдүү топ иликтеп, ачканы белгилүү. Бирок бул боюнча тергөө иши токтоп, кийин Турганбаев өзү кызматынан кеткен.

Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев 2011-жылы бул ишке жалпысынан 26 адамдын шектүү катары катыштыгы бар экенин, 17 адам кармалганын, анын ичинде милиция менен ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын офицерлери жана уюшкан кылмыштуу дүйнөнүн кээ бир өкүлдөрү да болгонун билдирген. Бул адам өлтүрүүлөрдүн башкы буюртмачысы Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиев деп тергөө жана соттук териштирүүлөрдө аталган. Ага сыртынан айыбы угузулуп, бардык кылмыш эпизоддорун кошкондо өмүр бою эркинен ажыратылган.

"Азаттыктын" архивинен: Ошол кезде жол кырсыгы деп аталган бул окуя боюнча видео иликтөө, март, 2009-жыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG