Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:41

Жаныш Бакиевдин сүрөтүнөн чыккан чуу


ИИМ тараткан сүрөт.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын имаратына Жаныш Бакиевдин сүрөтү илингени Кыргызстанда чуу жаратты. 2010-жылкы апрель окуясында курман болгон жарандардын жакындары муну маркумдарды кемсинтүү катары баалап, “Бакиевдерди реабилитациялоо жүрүп жатат” деп мүнөздөштү.

Ички иштер министрлиги кийин кечирим сурады. Мурдагы президенттин иниси бир нече кылмыштар боюнча айыпталып, сыртынан өмүр бою соттолгон.

“Апрелчилердин” нааразылыгы, ИИМдин жообу

Жаныш Бакиевге байланыштуу кабар Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын 11-ноябрдагы пресс-релизинен улам белгилүү болду. Анда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) имаратына мекеменин мурдагы башчыларынын ардак тактасы ачылганы, анда башка жетекчилер менен чогуу Жаныш Бакиевдин сүрөтү илингени маалымдалат. Кабарда сүрөтү кошо жарыяланган.

Бул жагдай жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылары менен коомчулукта бир топ талкууга түштү. 2010-жылкы “Апрель окуясынын” катышуучуларынын жана анда каза болгон жарандардын жакындарынын нааразылыгын туудурду.

Алардын ичинде “Мекен шейиттери” коомдук уюму да министрликтеги окуяны айыптап чыкты. Анын төрайымы Нурия Айдабосунова ал жөнүндө пикирин “Азаттыкка” мындайча билдирди:

Нурия Айдабосунова
Нурия Айдабосунова

“Жаныш Бакиевдин сүрөтүн илип коюшканы азыркы бийликтин, анын ичинде министрликтин же тайкылыгы, же атайын жасаганы деп кабыл алдык. Кандай кылып жатышса дагы бул таптакыр акылга сыйгыс нерсе. Бул адамдын абийринде ушунча өлүм болуп турса, анысы сотто далилденип жатса, ошого карабай ага урмат-сый көрсөтүп жатышканын - “Апрель окуясына” карата карөзгөйлүк катары бааласа да болот. Мен муну көбүрөөк “Бакиевдерди реабилитациялоо, актоо” саясатынын бир бөлүгү болуп калды окшойт деп ойлоп калдым. Ал окуядан 141 бала жетим калды, 64 эне баласы жок калды, 58 аял жесир калды. Ошонун баарын билип туруп, ушундай жасашканы таптакыр сыйлабастык. Бул азыркы бийликтин деңгээлин көрсөтөт деп ойлойм”,-деди ал.

Айдабосунова өзү “Апрель окуясында” каза болгон Жолдошбек Кудайбергеновдун апасы. Ал жетектеген уюмда негизинен ыңкылап учурунда курман болгондордун жакындары мүчөлүк кылат.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Илгиз Шаменовдун Жаныш Бакиевдин сүрөтү боюнча "Фейсбуктагы" видео пикири:

“Апрель баатырлар биримдиги” уюмунун мүчөсү Кыргызбай Жумаканов да соңку окуя жөнүндө буларга токтолду:

“Анын сүрөтү ардак тактайчага илингенин өзүбүз көргөн жокпуз, интернет сайттардан окудук. Абдан кыжырландык. Өтө туура эмес көрүнүш болду. Өмүр бою эркинен ажыратылган адамды кайрадан урматтап-сыйлап жатышканына нааразыбыз. Жаныш Бакиев апрель окуясынын тушунда Күзөт кызматын жетектеп турган, ошондогу ок атууларга түздөн-түз тиешеси бар. Балким буйруктарды да өзү берсе керек. Анын 7-апрелден башка дагы окуялар боюнча жооп бере турган иштери көп. Баягы “Матрёшка гейт”, Садыркуловдун өлүмү жана башка кылмыштарга да колу аралашкан. Ошондой адамды кайра реабилитациялап жатышканы өкүндүрөт. Муну окуяда каза болгон 80ден ашык баланы жана анда жаракат алган мага окшогон дагы жүздөгөн адамдарды кемсинтүү катары кабыл алдык”.

“Мекен шейиттери”, “Апрель баатырлар биримдиги”, “Айкөл - Таза коом” сыяктуу уюмдардын өкүлдөрү жана окуянын катышуучулары 12-ноябрда Бишкекте атайын басма сөз жыйынын да өткөрүп, ИИМдин аракетин айыпташты. Мунун фонунда Ички иштер министрлиги кайрадан билдирүү таратып, тиешелүү тактайчадан Жаныш Бакиевдин сүрөтү алынганын маалымдады. Билдирүү Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын атынан таратылган.

“Урматтуу жарандар, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сурайт. Бүгүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшкөн түзүмдүн мурдагы жетекчилеринин портрети илинип, ал жакта эч кандай күмөн ойлорсуз Ж.Бакиевдин дагы портрети дагы кошулган. Бирок, бул кетирилген катачылык учурунда оңдолуп, стендден портрети алынды”,-деп айтылат ал билдирүүдө.

Жаныш Бакиев – 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин бир тууган иниси. Ал агасы бийликте турганда Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеген. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын 2000-2001-жылдары башкарган.

Аты түрдүү окуялар менен байланыштырылган Жаныш Бакиев 2013-жылы сыртынан өмүр бою кесилген. Ага 2005-жылдын 24-мартында талап-тоноо уюштурган, Улуттук банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан 22 млн. долларды уурдаган деген айып тагылган. Мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов жана башка адамдарды өлтүргөн деп айыпталган.

Жаныш Бакиев
Жаныш Бакиев

Жаныш Бакиев 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен. Сот аны, Курманбек Бакиевдин кенже уулу Максим Бакиевди, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөновду апрель окуясы боюнча да айыптап, сыртынан өмүр бою кескен. “Кол тийбестик” макамы алынган экс-президент Курманбек Бакиев жана анын тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.

Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген.

Ушул тапта апрель окуялары боюнча Дунганов менен Темирбаев гана түрмөдө жазасын өтөп жатканы маалымдалган. Калгандары ар кандай жагдайда бошотулган.

Кайчы пикирлер

Соңку маселе боюнча мелүүн позицияны кармангандар, айыпталган кишини жактагандар чуунун экинчи өңүтүнө көңүл бөлүүгө аракет кылышууда. Алар тарыхты жокко чыгаруу мүмкүн эместигин, өлкөнү же кайсы бир мамлекетти жетектеген адамдардын аты-жөнүн башчылардын тизмесинен чийип салуу орунсуздугун айтып чыгышты.

Мындай жүйөнүн тарапкерлери Аскар Акаевге карата бир топ-сын пикирлер болгонун, Курманбек Бакиевге иш козголуп, сыртынан соттолгонун, ал эми Алмазбек Атамбаев соттолуп, камакка алынганын мисал келтирип, бирок алар баары Кыргызстандын “экс-президенти” катары кала беришерин такташат. Ошол сыяктуу эле “Жаныш Бакиев да соттолгону менен ИИМдин тиешелүү бөлүмүнүн жетектеген адамдардын тизмесинде кала бериши керек” дешет алар.

Активист Асейин Саралаев мына “Фейсбуктагы” баракчасында ушундай маанидеги пикирлери менен бөлүштү:

Асейин Саралаев
Асейин Саралаев

“Айтылуу генерал-лейтенант Жаныбек Бакиев агабыздын сүрөтүн көрүп алышып, беттерин тытып боздоп атышып жөн гана “жетекчи болгон” деп илинген сүрөттү алдырып тынышыптыр! Жаныбек Бакиевдин аталган мекемени башкарып турганын качанкыга чейин өчүрөт экенсиңер көрөбүз?! Эмне ушинтип эле бир ууч бузукулар чурулдап коюшса эле тарыхтын бетин айрып ыргытасыңарбы? Тарыхтан адамдын атын өчүрөсүңөрбү? Бир инсандын мамлекет үчүн жасаган ак эмгегин тебелейсиңерби? Жаныбек Бакиевдин сүрөтүн жоготкула деп ажылдап аткандар эмнеге тарп менен багып аткан кожоюнуңарды кошо айткан жоксуңар?!”,-деп жазды ал.

Бирок ошол эле кезде саясий маселелерди коё туруп, юридикалык маселелерге басым жасагандар, бул чара соттун чечимдерин да сыйлабастык болуп каларын белгилешет. Анткени сот Жаныш Бакиевди абакка кескенден кийин, автоматтык түрдө анын чиндери да жокко чыккан.

Юрист Замир Жоошев бул тууралуу пикирин “Азаттыкка” мындайча билдирди:

Замир Жоошев
Замир Жоошев

“2013-жылы Бишкектин Аскердик горнизондук соту Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча Жаныш Бакиевди мүлкүн конфискация кылуу менен өмүр бою абакка кескен. Ал ошондой эле “генерал-лейтенант” аскердик наамынан да ажыратылган. А Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын керегесинде илинип турган сүрөттө болсо ал генерал-лейтенанттын формасы менен турат. Жазага тартуунун маңызы соттолгон адамга бекитилген наамдардын, ага байланыштуу жеңилдиктерди жана артыкчылыктарды юридикалык түрдө жокко чыгаруу болуп саналат. Бул жазанын максаты оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттуулугу бар болгон адамдын кайсы бир наамдарга ээ болуусу боюнча карама-каршылыктарды жоюуну көздөйт. Бирок иш жүзүндө карама-каршылыктар көрүнүп жатат. Соттук органдын атынан мамлекеттик аппарат Жаныш Бакиев деген инсанды терс жана аскердик наамга татыксыз деп мүнөздөп жатса, ИИМ менен БМЖККК аны “генерал-лейтенант” катары сыйлоого татыктуу деп таап жатат. Бул мыйзамдын логикасына, табиятына туура келбейт”.

2019-жылы мурдагы ички иштер министри, “Апрель окуялары” учурунда Таласта нааразылыкты басууга катышкан Молдомуса Конгантиевдин иши кыскарып, кийин акталып кеткени боюнча чуу чыккан. Конгантиевдин аты айылдагы бир көчөгө коюлганы талкууга түшкөн.

Бул көрүнүштү айыптагандар кезинде, ошол учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин “Бакиевдерди актап жатат” деп айыпташкан.

2020-жылкы “Октябрь окуясынан” кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тушунда да Курманбек Бакиев президенттик кылган учурда кызматта турган адамдардын акталышы түрдүү пикирлерди жаратып келет.

Анын ичинде "Ысык-Көл инвестициялык банкын" мыйзамсыз басып алуу деген иш боюнча Улуттук банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаевге карата сот чечимдери жокко чыгып, иш жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карала баштаганы айтылган. Мындан сырткары Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары, башкача айтканда, Жаныш Бакиевдин орун басары болгон Нурлан Темирбаевдин акталышы да ушундай эле реакция жараткан.

Бул окуялардан тышкары өлкөнүн азыркы жетекчилигине “бакиевдик кадрларды” кызматка коюп жатат деген да кинелер бар.

Кайрадан “Мекен шейиттери” коомдук уюму төрайымы Нурия Айдабосуновага сөз берели:

“Бүт ошол Бакиевдин тушунда чоң болуп иштегендерди азыр кызматтарга коюп жатат. Алар эмне өзгөрүп кетиштиби? Ошол эле боюнча да. Мына ошол эле экс-башкы прокурор болгон Элмурза Сатыбалдиев шайлоого баратат. Бул нерсе менин акылыма сыйбай жатат. Ал деген Курманбек Бакиевдин учурунда коопсуздук боюнча президенттин кеңешчиси болчу. “Шайлоо өзү эле баратат да” деген менен бийликтин оозеки уруксат бар да. Буга окшогон нерселер аябай көп. Бийликтегилердин атын атабай эле коёюн, бирок “бакиевдик кадрларды” кайрадан кызматка алып келип, аларды реабилитациялап жатканын эч түшүнбөй жатабыз”.

Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Расмий маалымат боюнча, Бишкекте 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик толкундоолордун натыйжасында 86 адам окко учкан, 500дөн ашууну жараат алган. Алган жараатынан каза болгондорду кошкондо Апрель окуяларынын курмандыктарынын саны азыр 100дөн ашты.

Курманбек Бакиев президент болуп турганда парламентин беш депутаты атып өлтүрүлүп, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов жана жанындагы эки кишинин сөөгү өрттөлгөн машиненин ичинен табылган. Бакиевдердин бийлиги тушунда үч журналист киши колдуу болуп, дагы далай саясатчы, активисттер чет жактарга чыгып кетүүгө аргасыз болушкан. Сын пикир айткандарды коркутуп-үркүтүү кадимки көрүнүшкө айланган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG