Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:20

Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча сот өкүмү чыкты


Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айыпталгандар сот залында. Бишек, 26-ноябрь, 2012.

Сот мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси баштаган үч адамдын өлүмү боюнча өкүм чыгарды.

Бишкек гарнизондук аскер сотунун өкүмүнө ылайык, аталган иш боюнча айыпталган 7 адамдан экөө мунапыс негизинде эркиндикке чыкса, калгандары 5 жылдан 18 жылга чейин жазага тартылышты. Соттун мындай өкүмүнө жабырлануучулардын да, айыпталуучулардын да адвокаттары макул болбой, аны жокко чыгаруу арызы менен соттун жогорку баскычтарына кайрылаарын билдиришти.

Төрт саат окулган өкүм

Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Марлен Тентимишов Садыркуловдун өлүмү боюнча соттун өкүмүн төрт саатка жакын окуду. Жалпысынан 33 томдон турган иште мурдагы президенттик администрациянын жетекчиси Медет Садыркулов, анын айдоочусу Кубат Сулайманов жана Стратегиялык изилдөөлөр институтунун мурдагы директору Сергей Слепченконун өлүмү жана аларды өлтүрүүгө катышып, бирок 7-апрелден соң өзү тындым кылынган Өмүрбек Осмоновдун өлүмү жалпылаштырылган.

Соттун өкүмүнө ылайык, Медет Садыркулов жана анын сапарлаштарын уурдап барып, өлтүрүүгө катышкан делген УКМКнын “Альфа” тобунун мурдагы кызматкери Бакыт Байжанов, ИИМдин атайын тобунун кызматкери Эргешбек Маткайымов бул айыптар боюнча акталып, бирок үч кишини кармап, мыйзамсыз камаганы үчүн айыптуу деп 15 жылдан эркинен ажыратылды. Дал ушундай беренелер боюнча эле айыпталган Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Марат Турдукулов болсо 18 жылга күчөтүлгөн режимде жаза өтөөгө өкүм кылынды.

Ал эми Садыркуловдун чек арадан өткөндүгүн Жаныш Бакиевге маалымдап турган деп шектелген мурдагы чек ара кызматынын башчысы Замир Молдошев кылмыш ишин жаап-жашырган деген айып менен күчөтүлгөн режимде 5 жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдү судья Марлен Тентимишов төмөнкүчө угузду:

- Замир Молдошев Кылмыш кодексинин 339-беренесине ылайык күнөөлүү деп табылды, ал эки жылга эркинен ажыратылсын. Ошондой эле 304-беренеге ылайык, үй мүлкүн мамлекетке алуу менен 4 жылга кесилсин. Жыйынтыгында Кылмыш кодексинин 59-беренесине ылайык, эки мөөнөттү бириктирип, үй мүлкүн мамлекетке алуу менен 5 жыл күчөтүлгөн режимде эркинен ажыратууга өкүм кылынсын.

Ошол эле учурда Жаныш Бакиевдин эң жакын адамдарынын бири саналган Бишкек ИИБнин жетекчисинин мурдагы орун басары Нурланбек Темирбаев болсо киши уурдоого катышты деген айып баш болгон бир катар оор беренелер боюнча толук акталды.

Сот Темирбаевди Садыркуловдорду өлтүрүү үчүн жай камсыз кылып, бир тууганынын дачасынын ачкычын берген жана кылмыштын изин жашырууга жардам берген деп үч жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарды. Бирок кайра эле башка чечимине ылайык аны мунапыс менен бошотту. Дал ушундай эле мунапыска Садыркуловдорду өлтүргөн топко мыйзамсыз курал берди делген Күзөт кызматынын офицери Азизбек Кожошев туш болуп, эркиндикке чыгарылды.

Ал эми экинчи иш боюнча Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Садык Борбуев Садыркуловдун унаасы менен кагышты делген "Ауди" үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу Өмүрбек Осмоновдун 7-апрелден соң көзүн тазалаганы үчүн 18 жылга эркинен ажыратылды.

Соттун мындай өкүмүнө жабырлануучулардын да, айыпталуучулардын да адвокаттары нааразылыгын билдиришти. Маселен, сотто Садыркулов, Слепченко жана Сулаймановдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргоп жаткан адвокат Леонид Лужанскийдин айтымында, айрымдарга өкүм абдан эле жумшак болуп калды:

- Соттун бүгүнкү чечими бизди канааттандырган жок. Бул аябай мыкаачылык менен жасалган кылмыш болчу. Адам өлтүрүү жөн эле эмес, саясий негизде өлтүрүү болуп жатат. Мындан улам буга олуттуу мамиле кылып, аны башкалар менен салыштыруу керек болчу. Азыркыдай болуп ар кимге мунапыс бере бербей. Ошондуктан бүгүнкү чечимди абдан эле жумшак чечим болду десек болот. Бул чечимдин үстүнөн сөзсүз түрдө жогорку баскычтарга арызданабыз.

Аткаргандар жазаланды, башкаргандар кайда?

Соттун өкүмүнө айыпталуучулардын жакындары менен адвокаттары да нааразылыгын билдирип, Жогорку Сот баскычына кайрылышаарын билдиришти. Эң жогорку жазага тартылган күзөт кызматынын мурдагы капитаны Марат Турдукуловдун энеси Зарылкан Турдукулова кылмышка буйрук берген Жаныш Бакиев баш болгон жогорку кызматтагылар жазаланбай, өз милдетин аткарып жүргөндөрдүн жазаланганы адилетсиз болду деп эсептейт:

- Мен кандайча оор жаза берилгенин түшүнбөй калдым. Эч далили жок эле ушиндай жаза бере беришеби? Кылгандар болсо башка жакта качып жүрүшөт. Аны баары эле билип жатпайбы. Уулумду болсо кыйнап, башына баштык кийгизип, уруп-согуп атып, моюнуна койдуруп, анан 18 жыл жаза бергени кантип болсун?

Негизинен бул соттук иш март айында башталганда 10 адамга айып тагылган. Бирок кийинчерээк 2008-жылдын аягында Садыркуловдун үйүнө кесилген кулак менен манжаны жаңы жылдык белек катары таштап кетүүнү уюштурган делген Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы опер кызматкери Тынычбек Маматов жана бул кылмышты көрүп-билип туруп, жашырганы үчүн айыпталган Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы офицери Абдыкалык Жапаров, Жаныш Бакиевдин мурдагы айдоочусу Алтынбек Амракулов кылмыш мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу мунапыска илинип, кылмыш иш кыскартылган.

Ал эми кылмыштын негизги уюштуруучусу саналган мурдагы президенттин иниси, мамлекеттик күзөт кызматынын ошол кездеги жетекчиси Жаныш Бакиевдин ишин ал качып жүргөнүнө байланыштуу бөлүп кароо чечими кабыл алынган. Адвокат Леонид Лужанскийдин айтымында, Жаныш Бакиевдин үстүнөн сот иши 30-ноябрдан тарта башталат.

Медет Садыркулов, эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко жана айдоочу Кубат Сулайманов 2009-жылы 13-мартта табышмактуу шартта мерт болушкан. Ошол кездеги бийлик бул окуяны автокырсык катары сыпаттап, ага күнөөлүү катары Өмүрбек Осмонов аттуу жаранды кесип, бирок аз өтпөй ал мунапыстын негизинде эркиндикке чыккан. Бирок 7-апрелден соң анын көзү тазаланган.

Медет Садыркулов президенттик администрациянын башчылыгынан кеткен соң, ал кездеги оппозиция менен тымызын тил табышып, Бакиевдерге каршы иштей баштаганы айтылып жүрөт. Каза болор күнү да Алматыга барып, оппозиция үчүн маанилүү маселени чечип келе жатканын “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тастыктаган эле. Садыркулов жана анын сапарлаштарына байланыштуу иш 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин кайра жанданган.


"Азаттыктын" архивинен: Ошол кезде жол кырсыгы деп аталган бул окуя боюнча видео иликтөө, март, 2009-жыл.

Аламүдүн капчыгайындагы кырсык: Видео иликтөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG