Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Садыркуловдун өлүмү боюнча иш сотко өттү


Маркум Медет Садыркуловдун жаназасы, 12-апрель, 2009.
Маркум Медет Садыркуловдун жаназасы, 12-апрель, 2009.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин администрация башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу иш сотко өткөрүлдү.

Анда жалпысына он адамга айып коюлган. Бирок бул иште буйрук бергендер эмес, катардагы кызматкерлерге айып коюлушу сынга алынууда. Казакстандан кайтып келаткан Медет Садыркулов 2009-жылы 13-марттын түнүндө белгисиз жагдайда каза тапкан эле.

Кимдер айыпталууда?

Ички иштер министрлиги бул чуулгандуу ишти Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берди. Бирок азырынча сот отуруму качан башталары белгисиз.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев буларды билдирди:

- Издөөдө жүргөндөрдөн ишин алар кармалгандан кийин дагы өзүнчө карайбыз. Азыр алардан ишти бөлүп алып, камалып абакта отургандарды, эч кайда чыкпоо боюнча тил каты барлардын ишин сотко жибердик.

Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу негизинен үч окуя бириктирилип, жалпылаштырылган. Биринчиси, 2008-жылдын акырында Медет Садыркулов президенттик администрациянын башчысы болуп турганда ага кесилген кулак менен манжа жаңы жылдык белек катары берилген. Бул боюнча Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн мурдагы оперативдик кызматкери Тынычбек Маматов айыпталып жатат.

Ал эми экинчи, Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча, УКМКнын “Альфа” тобунун мурдагы кызматкери Бакыт Байжанов, ИИМдин атайын тобунун кызматкери Эргешбек Маткайымов, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы кызматкери Марат Турдукулов айыпталууда. Тергөөдө бул адамдар Медет Садыркуловду, анын айдоочусу Кубат Сулаймановду жана Стратегилык изилдөөлөр институтунун мурдагы жетекчиси Сергей Слепченкону уурдап, өлтүрүшкөн деп шектелүүдө.

Мындан тышкары ошол кездеги Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын төрага орун басары Нурланбек Темирбаев айыпталып жатат. Ал бир тууган агасы, учурунда президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси болуп турган Курманбек Темирбаевдин Көк-Жар айылындагы дачасына алып барып, жогорудагы адамдарды өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүүдө. Ошондой эле Чек ара кызматынын мурдагы башчысы Замир Молдошев да Садыркуловдун чек арадан өткөндүгүн Жаныш Баикевге маалымдап турган деп шектелип жатат.

Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев бул иш боюнча башка да адамдарга айып коюларын кошумчалады.

- Биз азыр Садыркулвдун өлүмүнө тийиштүү негизги адамдарды гана жөнөттүк. Бул боюнча дагы иштер көп, алар тергелип жатат. Азыр сотко биринчи бөлүгүн жөнөтүп жатабыз.

Мындан тышкары, ошол кездеги Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлери Алтынбек Амракулов, Абыкалык Жапаров, Азизбек Кожошевдер да айыпталууда.

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча, айыпталып жаткандар мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиевдин буйругу менен Казакстандан келе жаткан Садыркуловду кармап алып, мыкаачылык менен өлтүрүшкөндөн кийин Бишкектин түштүгүндөгү Кой-Таштагы капчыгайга алып барып, өрттөп жиберишкен.

Анткен менен Бакиев бийлиги тушунда бул жол кырсыгы катары саналып, Садыркуловдун унаасы менен кагышты делген “Ауди” маркасындагы машинанын айдоочусу Өмүрбек Осмонов күнөөлүү деп соттолгон болчу. Бирок ал 2010-жылы 7-апрелден кийин түрмөдөн киши колдуу болуп каза тапкан. Бул боюнча азыр кылмыш тобунун лидери делинип издөөдө жүргөн Алманбет Анапияевдин жансакчысы Садык Бөрүбаев айыпталып, ал да Садыркуловдун иши менен чогуу каралууда.

Буйругандар эмес, аткаргандар гана айыпталууда

Жалпысынан сотко өткөн иште 10 адамга айып коюлган. Деген менен айып коюлгандарын арасында буйрук бергендердин жоктугун сынга алгандар болууда. Мурдагы депутат Бегалы Наргозуев мындай дейт:

- Мен бул маалыматты бүгүн окуп чыктым. Бул иште булар мурда айткандай ошол кездеги чоңдор, бийликте отургандар жок, жалаң гана шоопур, кароолчу сыяктуу катардагы кызматкерлерди соттоп жатыптыр.

Ал эми мурдагы Юстиция министри Марат Кайыпов ИИМдин былтыркы шайлоо алдындагы билдирүүлөрүн сынга алып, буларды белгиледи.

- ИИМдин билдирүүлөрүн карасак, бул ишке ошол кездеги Ак үйдө иштеген адамдардын көбү катышкан же бул ишти билген болуп жатат. Анан ИИМдин өкүлдөрүнүн кээ бирлери “менин оюмча”, “ушундай болуш керек” деп да сүйлөп жатышат. Антип күнөөнү койбош керек болчу, болгондо да шайлоонун алдында. Бул ишке ушунча адам катышкан болуп калып жатат.

Садыркуловдун өлүмү бюнча тергөө иши жаңы жагдайларга ылайык, 2010-жылдын 7-апрелиндеги бийлик алмашуудан кийин кайра жанданган болчу.
"Азаттыктын" казынасынан: Аламүдүн капчыгайындагы каргаша:видео иликтөө

Аламүдүн капчыгайындагы кырсык: Видео иликтөө
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:05 0:00

XS
SM
MD
LG