Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:52

13-марттын сабактары


Үч жыл мурун дал ушул күнү мурунку президенттин экс-администрация башчысы Медет Садыркулов, айдоочусу Кубат Сулайманов жана саясий талдоочу Сергей Слепченконун сөөгү күйүп кеткен машине ичинде табылып, уккандын жүрөгүнүн үшүн алган окуя болгон. Бул окуя Кыргызстандын жаңы тарыхына кара так болуп кирип калганы шексиз. Анткени ага чейинки буюртма киши өлтүрүүлөрдөн мыкаачылыгы, өзгөчө бир өкүмзордугу менен айырмаланып, бийликтегилердин аны кадимки кырсык катары түшүндүрүп жымсалдоо аракети ого бетер элдин кыжырын кайнаткан.

Ал күнү кыргызча интернетте “бийликтин агониясы (адамдын жаны чыгаарда тырпырап өмүрдүн соңку белгилерин көргөзүп жанталашуусу) башталды”, “булардын доору аяктаары анык болду” деген сүйлөмдөр үстөмдүк кылып турду. Дегинкиси, ал окуялардан кандай сабак алдык? Айрымдарына токтолгум келди:

1) “Кыңыр иш кырк жылда билинет” – эч ким укпайт, көрбөйт, бийлик колдо турганда өз билгенимди кылам деп карасанатай иш кылгандын өзү аягы аңга алпарып түртөт. Жамандыкты эч ким эч убакта элден жашырып кала албайт. Эл оозунда айтылганды топтоп алып китеп кылып жазышты, анда айтылгандар акыры чындык, же чындыкка абдан жакын болуп чыкты.

2) Садыркуловдун көзүн тазалап башкаларга да эскертүү жасайбыз дегени тескери натыйжа берди. Кыргызды коркутуп, чөгөлөтүп башкара албайсың. “Атам” десең да коркпой таш уруп качырып кирет. Коркуунун өзү жек көрүүгө барабар. Элди коркутам дегениң өз элиңе душман болом дегениң. Душманды тактыга отургузуп койуп баш ийип отуруп бербейт. Куралыңды колуңдан жулуп алып кайра өзүңдү атат. Андан көрө колуңдан келсе акылың, мээримиң менен башкар элиңди. Анте албасаң колуңдан келген башка ишти кыл.

3) Чет жактан көп акча алып келип Кыргызстандагы бийликти алмаштырам деген ой ишке ашпайт. Калктын көбү колдоп-буттап турбаса, Орусиядан, АКШдан же Казакстандан алып келген акчаң түккө арзыбайт. Андан көрө эл менен иштеп, өз жериңде колдоо тап.

Дагы кандай сабак алдык?
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG