Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:11

АКШ кыргыз элин парламенттик шайлоого байланыштуу куттуктады


АКШ менен Кыргызстандын желектери.
АКШ менен Кыргызстандын желектери.

Америка Кошмо Штаттары кыргыз элин 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо демократиялык укуктарын ишке ашыргандыгы менен куттуктайт. Мындай билдирүүнү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 1-декабрда таратты.

"Биз Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) COVID-19 пандемиясына жана өлкөнүн айрым аймактарындагы кыштын катаал шарттарына карабастан, шайлоону уюшкандыкта өткөрүүдөгү ишин жогору баалайбыз, жана ошол эле учурда, техникалык жана процедуралык мүчүлүштүктөрдү, анын ичинде добуштарды саноодо жана шайлоонун алгачкы этаптарында орун алган кемчиликтерди белгилейбиз", - деп жазылган элчиликтин басма сөз кызматы тараткан пресс-релизде.

АКШ шайлоодо кетирилген кемчиликтерди өз убагында иликтеп, тийиштүү чара көрүүгө чакырды. Ошондой эле Жогорку Кеңешке келчү депутаттар адам укуктарын коргоо, демократиялык институттарды чыңдоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү менен аймактык тынчтык жана коопсуздук боюнча кызматташууга тилектештик билдирди.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасы үзгүлтүккө учурап, жыйынтыкка байланыштуу маалыматтар алмашып кеткен. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Жапаров шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы партияларга кайрылып, бурмалоо тууралуу сындарды четке каккан. Аларды бюллетендерди санап чыгууга чакырган.

БШК жетекчиси Нуржан Шайлдабекова 1-декабрда кол санак аяктаганын жарыялады.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% тегерегинде болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG