Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:42

COVID-19: эмделбеген үч бейтап каза болду, 56 учур катталды


Кыргызстанда 2-декабрга карата дагы 56 адамдан коронавирус аныкталды. Бейтаптар арасынан инфекцияга каршы вакцина албаган үч киши көз жумганын COVID-19га каршы республикалык штаб кабарлады. Ооруну жуктуруп алгандар көбүнчө Бишкек шаарында. Ал эми Ош шаары, Талас, Нарын облустарында инфекция жуктуруп алгандар катталган эмес.

  • Бишкек - 27
  • Чүй облусу – 9
  • Ош облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 11
  • Жалал-Абад облусу – 3
  • Баткен облусу - 5

Кыргызстанда инфекция жуккандардын расмий катталган саны 183 460 адам болду, 2 752 киши көз жумду. Вирустан жалпы 72 миңден ашуун бейтап сакайып чыкты. Учурда 389 киши ооруканада, 432 киши үйүндө дарыланып жатат.

Өткөн бир сутка ичинде эмдөөдөн 10 миңден ашуун адам өттү, анын теңинен көбү биринчи дозаны, калганы экинчи дозаны алган. Өлкөдө ооруга каршы 2 млн. ашык киши эмделди.

Инфекциянын жаңы "Омикрон" штаммына байланыштуу 1-декабрдан тарта Кыргызстанга кирген ар бир адамдан коронавирус жоктугун тастыктаган милдеттүү ПЧР-тест талап кылынат. Чет элдиктер да, кыргызстандыктар да вакцина алганына карабай, тесттен өтүүгө тийиш. Жаңы штамм катталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга киргизилбейт.

Саламаттык сактоо министрлиги аталган штамм аныкталган өлкөлөрдөгү жагдайга байкоо салып, маалыматтарды Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына берет.

Мамлекеттик органдарга COVID-19дун жаңы штаммына байланыштуу толук даярдыкта туруу тапшырмасы берилди. Бишкек бул жаатта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен да чукул консультация өткөрдү.

Түштүк Африкада 11-ноябрда аныкталган коронавирустун бул түрү мурдагыларга салыштырмалуу тез тарап жатканы, буга чейин вирустун башка штаммдары менен ооругандарга жукканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG