Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Акматбек Келдибеков шайлоого байланыштуу УКМКга суракка чакырылды


Акматбек Келдибеков.
Акматбек Келдибеков.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков 1-декабрдын кечинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылды.

Атайын кызматтан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, ал 28-ноябрда өткөн шайлоого байланыштуу сурак берүүдө. Расмий кабарда социалдык тармактарда тараган видеодо Келдибеков шайлоодогу добуш берүүнү баштапкы жыйынтыктары бурмаланганы жөнүндө тастыкталбаган негизде сүйлөгөн деп жазылган. УКМК муну коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу деп баалап, Келдибековду түшүндүрмө берүүгө чакырды.

Акматбек Келдибеков 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого "Азаттык" партиясынан катышкан. Баштапкы жыйынтыкка ылайык, аталган партия шайлоодо уткан жок.

Добуштар бурмаланды деген нааразылыктар жаралып, Акматбек Келдибеков бийлик үч күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүш керектигин билдирген.

Жекшембиде кыргыз парламентине шайлоо өткөн. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүү аягына чыккан учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык эсептөө системасы үзгүлтүккө учурап, жыйынтыкка байланыштуу маалыматтар алмашып кеткен. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG