Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:33

Добуш санак: Оппозициянын талабы, бийликтин жообу


БШКнын алдында 29-ноябрда өткөн митинг.
БШКнын алдында 29-ноябрда өткөн митинг.

Парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын жарыялоодо үзгүлтүккө учураган Борбордук шайлоо комиссиясынын серверине байланыштуу окуяга чекит коюла элек. Бул боюнча атайын комиссия түзүлгөнү жана Боршайкомду УКМКнын адистери текшерип жатканы белгилүү болду.

Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы

Парламенттик шайлоого катышкан партиялардын бир бөлүгү 29-ноябрда БШКнын имаратынын алдында митинг өткөрүп, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан, азыр деле ушундай пикирди карманып турушат.

Алар Боршайкомдун системасындагы мүчүлүштүк, кол санактагы күмөндүү көрүнүштөр шайлоонун таза болгонуна шек жаратат дешет. "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев мындай деди:

Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

"Азыр жер-жерлерден биздин талапкерлер келе башташты. Алардын айтымында, бир жерден протоколдорду бербей коюшса, дагы бир жерден айыл өкмөтү шайлоо тилкесинен кууп чыккан. Болбосо жергиликтүү бийликтин шайлоого тиешеси жок. Добуштарды толугу менен жасап жатышат. Илгери Иосиф Сталин "шайлоочулардын кандай добуш бергени эмес, аны кандай саноо маанилүү" деп айткан экен. Азыркы бийлик дагы "өзүбүз каалагандай санап алабыз" деп жатат. Бакиевдин убагында ушундай көрүнүш болгон. Андыктан шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгыш керек".

Азыркы тапта шайлоого катышкан 21 партиянын ичинен “Ата Мекен”, “Азаттык”, Социал-Демократтар жана “Улуттар Биримдиги” добуш берүүнүн алгачкы жыйынтыктарын тааныбай жатышат. Мындан тышкары "Бүтүн Кыргызстан" менен шайлоого катышкан талапкерлердин бир бөлүгү шайлоо таза өтпөгөнүн билдирүүдө.

“Альянс” партиясы болсо Борбордук шайлоо комиссиясынан добуштарды алдын ала эсептеген системасындагы ката боюнча далилдүү түшүндүрмө талап кылды. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, шайлоого "Азаттык" менен катышкан Акматбек Келдибеков үч күндүн ичинде кайра шайлоо өткөрүш керектигин айтат.

Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

"Исмаил Исаковичке 13 миңден ашык, Мыктыбек Арстанбекке 18 миңден ашык, мага 15 миңден ашык, башкаларга үч миң, төрт миңден ашык добуштар берилген. Эмне себептен алардын добушу жүзгө, миңге, беш жүзгө түшүп калды? Добушту каалагандай кыскартканга, жасалмалоого болбойт. Эгерде биз азыраак добуш алып калган болсок, эгерде АСУ бузулбаса, анда биз жеңилдик деп айтмакпыз. Биз бардык партияны чакырабыз. Үч күндөн кийин кайра шайлоо өтсүн”.

28-ноябрда парламенттик шайлоодо добуш берүү соңуна чыккандан кийин БШКнын добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган. Бир аздан соң кайра ишке киргенде добуштардын пайыздык көрсөткүчү өзгөрүп кеткен.

Президент Садыр Жапаров БШКнын сервериндеги мүчүлүштүктөр боюнча "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу эки курдай түшүндүрмө берди, 30-ноябрда жарыяланган маалыматта мындай деп жазылат:

“Шайлоо эң жакшы келе жатып эле болбогон жерден БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан, айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан ишенбөөчүлүк пайда болду. БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык. Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу? Балким, “мен ушундай кылып силерге митингге чыкканга шылтоо жасап берем” деп алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат”.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүктү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана башка мамлекеттик органдардын IT адистери текшерип жатканы белгилүү болду.

Сандардын чатагы, БШКнын жообу

29-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы төрайым Нуржан Шайлдабекова Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүк боюнча кенен түшүндүрмө бере турганын билдирген. Бирок Шайлдабекованын маалымат жыйынынын мөөнөтү улам-улам жылып, качан өтөрү белгисиз болуп жатат. Боршайком 30-ноябрда өзүнүн сайтына сүрөт тиркелген билдирүү жарыялап, талаш жараткан окуяга түшүндүрмө берүүгө аракет кылган.

БШК добуштарды саноонун жолун түшүндүргөн таблица.
БШК добуштарды саноонун жолун түшүндүргөн таблица.

"Сервер болсо маалыматтарды автоматтык түрдө кызыл квадрат менен белгиленген, БШКнын Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына жарыялайт. БШК адиси Маалыматтык шайлоо системасынын сайтына АСУдан алган маалыматтарды жарыялоодо санды жаңылышып эки жолу көбөйтүп алган (калькуляциялоодогу механикалык ката). Бир нече убакыттан кийин БШК адиси маалыматтарды визуалдаштыруудагы формуланы оңдогон. АСУда да (автоматташтырылган эсептөөчү үкөк) жана негизги системада да маалыматтар өзгөрүүсүз калат. Аталган системанын иши үзгүлтүккө учурабайт, жаңылбайт. Бүгүн да так иштеп жатат", - деп жазылган БШК тараткан маалыматта.

Боршайком үкөк(АСУ) менен серверге эч ким кире албай турганын, ал автоматташтырылган компьютердик система экенин билдирди. Мындан тышкары жашыра турган эч нерсе жок экенин жана бардык тараптарды кол менен саноого катышууга чакырууда. Кол санактын алдын ала жыйынтыгы бир-эки күндүн ичинде белгилүү болору айтылып жатат. Азыркы тапта (20:00гө карата) бюллетендердин 30% жакыны саналып бүттү.

Жарандык активист Атай Бейшенбек БШКнын сайтындагы мүчүлүштүктөр толугу менен жоюлбаганын, сандар азыр дагы чаташып жатканын билдирүүдө.

Атай Бейшенбек
Атай Бейшенбек

"Биз үч этаптагы мүчүлүштүктөрдүн күбөсү болуп жатабыз. Биринчиси, добуш берүүгө келген шайлоочулардын санынан айырма чыкты. Экинчиси, шайлоо тилкелери жабылгандан кийин берилген алгачкы маалымат туура эмес болду. Үчүнчүсү, кол санак менен добуштарды санаган автоматташтырылган системанын ортосундагы айырма. Эгерде БШКнын "бюллетендердин 19,53 % (12:00гө карата) санап бүттүк" деген маалыматы менен партияларга жана ошондой эле каршы берилген добуштарды салыштырып көрсөк, айырма абдан чоң. БШК бул суроолорго толук жооп бербеген сайын күмөн ойлор ошончолук күчөйт. Керек болсо буга чейин өткөн президенттик шайлоо, референдум боюнча шек жарала берет".

20:00гө карата кол менен саналган бюллетендердин жыйынтыгында "Ата-Журт Кыргызстан" партиясы 14,43%, "Ынтымак" 14,07%, "Ишеним" 11,99%, "Ыйман Нуру" 7,34%, "Эл үмүтү" 5,95%, "Альянс" 6,99%, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы 5,66% добуш алып алдыда келатат.

Кол санакка күмөн туудурган "Клооптун" видеосу

Парламенттик шайлоого байкоо салган "Клооп" басылмасы бир катар добуш берүү тилкелеринде протоколдор кайра жазылганы тууралуу видеону 30-ноябрда жарыялады.

Басылманын маалыматына караганда, бюллетендерди кол менен эсептеген протоколдордун көчүрмөлөрү адегенде байкоочуларга берилген эмес. Кийинчерек шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү протоколду жапырт түрдө кайра жазып чыгышкан. Анын себебин так түшүндүрө алышкан эмес.

"Клооптун" байкоочулары ушул өңдүү фактылар жазылган видеолорду Сокулук, Өзгөн райондорунан, Ош шаарынан тартышкан. Буга азырынча Борбордук шайлоо комиссиясынан түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок.


29-ноябрда митинг өткөргөн оппозициялык партиялар БШКнын алдына кайра чогулуп, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууна талап кыла турганын айтып жатышат. Ал эми Боршайком шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга негиз жок деген пикирди карманууда.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG