Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:03

Москва Кыргызстандын жаңы парламенти менен кызматташууга кызыкдар


Орусия менен Кыргызстандын желектери.
Орусия менен Кыргызстандын желектери.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоону эл аралык байкоочулар, анын ичинде КМШ миссиясы эркин, ачык жана өлкөнүн мыйзамдарына шайкеш өттү деп баалаганын белгиледи.

Элчилик 1-декабрда тараткан билдирүүгө ылайык, Орусиянын бийлиги Кыргызстандын жаңы парламенти Бишкек менен Москванын ортосундагы стратегиялык байланышты, Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык жараяндарды, Борбор Азиядагы коопсуздук жаатындагы сүйлөшүүлөрдү улантууга кызыкдар болот деп ишеним артат.

Ошондой эле шайлоо жыйынтыгы кыргыз элиндеги туруктуулукка, укуктук-демократиялык өнүгүүсүнө тилектештик айтылган.

Анын алдында Америка Кошмо Штаттары кыргыз элин парламенттик шайлоонун өтүшү менен куттуктаган.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек. Жыйынтык чыгарыларда Борбордук шайлоо комиссиясынын автоматтык системасында мүчүлүштүк жаралып, талаш чыккан. Андан бери саясий топтор арасында нааразылык уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG