Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Нурбек Алимбековдун штабы Шайлообек Атазовду сотко берди


Нурбек Алимбеков, Шайлообек Атазов
Нурбек Алимбеков, Шайлообек Атазов

№8 Төлөйкөн шайлоо округунан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышкан талапкер Нурбек Алимбековдун штабы ошол эле округдан шайлоого катышкан Шайлообек Атазовду сотко берди. Бул тууралуу Алимбековдун штаб жетекчиси Нурлан Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, Атазов Алимбековдун кадыр-баркына шек келтирген жана жалган маалыматтарды тараткан.

"Атазов бизди каралап, талапкердин аброюна шек келтире турган сөздөрдү айтып жатат. Ошондуктан биз да жооп берүүгө аргасыз болдук. "Атазов Алимбековдун аброюна шек келтирди" деген жүйө менен сотко кайрылдык", - деди ал.

Буга чейин Атазов добуш берүүнүн жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыккан. 29-ноябрь күнү журналисттерге маалымат жыйын уюштуруп, атаандашы Нурбек Алимбековду жана анын тарапташтарын админресурс колдонууга, добуш сатып алууга айыптаган.

Ош облусу тогуз бир мандаттуу шайлоо округуна бөлүнгөн. Анын ичинен №8 Төлөйкөн шайлоо округунан беш талапкер ат салышкан.

28-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өттү. Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 34% тегерегинде болду. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG