Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Польша Беларус менен чек аралаш аймакта өзгөчө абал режимин узартты


Беларус-Польша чек арасында Кужница бекетине жакын жерде топтолгон мигранттар. 8-ноябрь, 2021-жыл.
Беларус-Польша чек арасында Кужница бекетине жакын жерде топтолгон мигранттар. 8-ноябрь, 2021-жыл.

Польша Беларус менен чек аралаш аймакта өзгөчө абал режимин узартты. Өзгөчө абал режими Ички иштер министрлигине бул аймакка журналисттерди, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүн киргизбегенге мүмкүнчүлүк берет. Жаңы эрежелерге ылайык, журналист аймактагы кырдаалды чагылдыруу үчүн чек ара кызматынан уруксат алыш керек.

Польшанын оппозициясы жана укук коргоочу уюмдар өзгөчө абал режимин сынга алууда. Анткен менен өкмөт мындай чечим чек арачыларга өз ишин так жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берерин жүйө келтирүүдө.

Беларус менен Польшанын чек арасынын узундугу 400 миң чакырымды түзөт. Варшава миграциялык кризистен улам он миңден ашуун аскерин чек арага тарткан.

Польшанын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, жакында чек арага бийиктиги 5,5 метрлик дубал курулат. Евробиримдиктин аймагына өтүүнү көздөгөн миңдеген мигранттар Беларустун аймагында турушат.

Кризис башталгандан бери 13 адам көз жумду. Шаркет бийлиги Беларусту Жакынкы Чыгыштан мигранттарды Евробиримдиктен өч алуу максатында Польшаны көздөй айдактап жатат деп айыптап келет.

Өткөн аптада эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" уюму Беларус менен Польша чек аралаш аймактагы адамдарга гуманитардык жардам көрсөтүп, адам өлүмүнүн алдын алышы керек экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG