Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:41

Баткенде электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды


Электр чубалгыларын оңдоп жаткан жумушчулар. Баткен, 28-январь, 2022-жыл.
Электр чубалгыларын оңдоп жаткан жумушчулар. Баткен, 28-январь, 2022-жыл.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышта үзүлгөн электр чубалгыларын оңдоп-түзөө иштери башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта "Ошэлектрдин" кызматкерлери Баткендин жарык өчкөн аймактарында оперативдүү түрдө иштеп жатканы, жакын арада ар бир үйгө жарык бериле турганы айтылат.

Министрлик буга чейин электр линиялары тажик тарап ок чыгаргандан кийин жабыркаганынын билдирген. Анын айынан Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчүп калган.


27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Бул Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жолдун кесилиши. Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бирок бир аздан соң тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирүүдө. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасалган чагымы деп атоодо. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 11 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскерлер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстан менен Тажикстан чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашканын 28-январда саат 04:10до Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышка байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн, тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган штаб түзүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, чек арадагы окуяга байланыштуу атайын комиссия дагы түзүлөт. Атайын кызматтын башчысы учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG