Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:33

Энергетика министрлиги чек арадагы бир катар айылдарда жарык өчкөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги жергиликтүү тургундарга таянып кабарлагандай, тажик тарап электр линияларына ок чыгарып, ал жабыркаган. Анын айынан Ак-Сай, Көк-Таш, Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдарында жарык өчүп калган.

“Чек арадагы абал туруксуз болгондуктан оңдоо иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок”, - деп айтылат билдирүүдө.

Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө аймагында Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19.30да кайра ачылган.

Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстан тарапты көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонууда жатканын" кабарлады Кыргызстандын Чек ара кызматы.

27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги чек арада курчуган абалдан улам Баткен облусундагы ооруканалар даярдыктарын күчөткөнүн билдирди.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген. Мындан башка расмий маалымат бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG