Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:31

Баткен: жергиликтүү бийлик жаңжал чыккан жерден тургундар чыгарылып жатканын маалымдады


Төрт-Көчө.
Төрт-Көчө.

Бүгүн, 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал чыккан айылдардын тургундары чыгарылып жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев журналисттерге билдирди. Анын айтымында, кары-картаңдар, аялдар жана балдар убактылуу коопсуз жерге чыгарылууда.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев маалымдады.

Чек ара кызматынын бир аз мурда тараткан маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын атышуусу "Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатат".

Кыргыз тарап чек ара жаңжалы тажикстандык жарандар Төрт-Көчө аймагын жаап алгандан кийин тутанганын билдирүүдө.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет. Учурда Ош-Баткен-Исфана автожолунун Төрт-Көчө аймагы жабык.

XS
SM
MD
LG