Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Чек ара чатагы: Бишкек менен Дүйшөмбүнүн тактикасы


"Коопсуздук-2021" жана "Түштүк-2021" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары.
"Коопсуздук-2021" жана "Түштүк-2021" биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары.

Талдоочулар кыргыз-тажик чек ара чатагын күч менен чечүү аракети эки мамлекетти ири кагылышка түртүп, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп эскертишет.

Дүйшөмбү ооган коркунучун шылтоолоп аскер кубаттуулугун күчөтсө, Бишкектин жаңы курал-жарак, анын ичинде түрк аскер дрондорун алышы жарыша куралданууга жол ачканы белгиленди. Коопсуздук боюнча эксперттер бул жагдайды чөлкөмдөгү чыңалуунун ири очогу катары карашууда.

"Рахмондун "мураскер планы" кырдаалды курчутту"

Эл аралык деңгээлдеги аскердик коопсуздук боюнча эксперттик чөйрө Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы оор аскер техникасын колдонуу менен экинчи ирет кайталанган куралдуу кагылышка тынчсыздануу менен байкоо салууда. Муну алар жөн эле кезектеги чек ара чатагы эмес, улам тереңдеп бараткан жана оор кесепеттерге алып келүүчү куралдуу жаңжалга айлана турчу коркунуч катары мүнөздөштү.

Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов бул чечилбей келген чек ара чатагына байланыштуу карама-каршылыктын себебин Рахмондун алысты көздөгөн “планы” катары баалады.

Аркадий Дубнов. Борбор Азия боюнча эксперт.
Аркадий Дубнов. Борбор Азия боюнча эксперт.

"Кандайдыр бир урушка сыноо жүрүп жаткандай. Абалды курчуткан мындай даярдыктар бир нече күн мурун, тилекке каршы, биринчи кезекте тажик тараптан башталды. Тажикстан бүгүн Москванын өзүнчө каралган өзгөчө колдоосунан пайдаланууда. Москва Тажикстанга берип жаткан курал-жарак тажик-ооган чек арасын бекемдөөгө эмес, тажик-кыргыз чек ара тилкелерин күчтөндүрүү үчүн кетип жатат. Азыр Рахмондун өлкөнүн ичиндеги кырдаал боюнча алдыңкы келечекти көздөгөн планы бар. Ал эмне болгондо дагы бийликтин транзитине даярданышы керек. Азыр ага Орусиядан да, Батыштан да колдоо алуу үчүн, өзүнө көңүл бурдуруу үчүн кайсы бир чыңалуу жаратып, бардык багыттарда иштеш керек болуп турат. Рахмон эмне болсо дагы утуш менен чыгууну көздөйт. Анткени ал бийлик транзитин өзүнө пайдалуу ишке ашыруу үчүн абалды курчутуп, кыргыз-тажик чек ара талашын чечүүнү бир топ жылга артка жылдырууга кызыкдар", - деди Дубнов.

Буга чейин эл аралык медиада тажик президенти Эмомали Рахмон өзүнүн уулун мураскерликке даярдап жатканын жана чек ара талаштарында күчтүү экенин көргөзүү аркылуу анын аброюн көтөрүп, жалпы элдин ишенимин бекемдөөгө белсенгени жазылган. Президенттин улуу уулу Рустам Эмомали тажик парламентинин жогорку палатасынын спикери жана баш калаа Дүйшөмбүнүн мэри.

Ооган коркунучун колдонгон амал

Былтыр жаздан баштап АКШ баштаган эл аралык аскер күчтөрү Ооганстандан аскерлерин алып чыгарын жарыялап, бул өлкөдөгү абалга байкоо салып туруу үчүн Батыш дипломатиясы Тажикстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаган. Бул жагдай Москваны катуу чочулатып, Орусия Тажикстан менен аскердик кызматташуусун арттырууга ашыкты.

Москва Тажикстандагы аскер базасын чыңдап, ооган-тажик чек ара тилкесин коргоо үчүн деген негизде анын куралдуу күчтөрүнө курал-жарактан жардам берүүнү убада кылды. Москва Дүйшөмбү менен анын аба мейкиндигин коргоо боюнча макулдашууга келди.

Былтыр 15-августта “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы Кабулдагы бийликти басып алганда, учкучтар Ооганстандын аскер аба күчтөрүнө караштуу ондогон аскердик учагы менен тик учактарын Тажикстан менен Өзбекстанга айдай качкан. Жалпысынан кырк чамалуу аскер учактары экени айтылып, анын көпчүлүгү Тажикстанда калган. Бул жагдай аскер эксперттеринин баамында Дүйшөмбүнүн аскер кубатын арттырып, анын дымагын күчөттү.

Ошол эле кезде Орусия былтыр жаздан бери жашыруун жана ачык түрдө биргелешкен машыгуулар деген негизде Тажикстандын куралдуу күчтөрүн жаңылоого жардам берип, ага курал-жарак берип жатканы айтылганы менен кандай көлөмдө экени расмий ырастала элек.

Москванын Бишкекке берген убадасы

Кыргызстандын коргоо министринин мурдагы орун басары, аскердик эксперт Мурат Бейшенов Орусиянын Кыргызстанда бирдиктүү аскер базасы бар экенин билдирди. Ал ошондой эле Орусия Кыргызстанды 1 млрд. доллар курал-жарак менен камсыздоого убада берип, аны аткарбаганын белгиледи.

Кыргызстан. Мурат Бейшенов, коргоо министринин мурдагы орун басары, аскердик эксперт.
Кыргызстан. Мурат Бейшенов, коргоо министринин мурдагы орун басары, аскердик эксперт.

"Мен конференцияда сүйлөгөндө алар тажиктерге бизге караганда аябай көп аскердик жардам берип жатканын айттым. Ошол эле кезде Орусиянын бизде дагы бирдиктүү аскер базасы бар. Ага Канттагы аскер аба базасынан башка Ысык-Көлдөгү, Майлуу-Суудагы аскердик түзүмдөр кирет. Ошондой болгон соң бизге дагы караш керек эле да. Путин беш жыл мурун Кыргызстанды 1 млрд. доллар курал-жарак менен куралдандырабыз деген. Бирок ал убадасынын эч бирин аткарган жок. Майда-барат жардамдар менен гана чектелди. Орусия бизге жакшы жардам берген жок. Алар бизге "каякка бармак эле" дегендей мамиле жасап, карабай эле таштап коюшту. Мындай учурда биз Түркия менен сүйлөшө беришибиз керек. Азыр эми ойлонуп туруп, саясат жүргүзгөн оң. Биздин абалыбыз азыр ушундай. Ким жардам берсе, анын бардыгын карай беришибиз керек. Бирок Түркия бизге жардам бере баштаса, аны албетте, Орусия жактырбайт. Ал Азербайжан варианты болушун каалабайт. Түркиядан жардам алсак, анда Москва буга чейин убада кылган С-300 зениттик-ракеталык комплексин бербей коёт. Саясат ошондой да. Биз Түркиядан жардам ала баштасак, анан Орусия Тажикстанга жардам берүүнү күчөтүшү мүмкүн. Ушул сыяктуу тобокелдиктер бар. Ошол эле тынчсыздандырат. Түрктөрдүн курал-жарагы заманбап жана аябай мыкты. Алардын автоматтарынын октору дагы башкача. Бул үчүн биз толугу менен курал-жаракты жаңылап, аскер адамдарын Түркиядан окутууга туура келет. Себеби, биздин курал-жарак ЖККУ, ал эми түрктөрдүкү НАТО форматында. Бирок эми курал-жарак боюнча өтпөсөк дагы, оор жүк ташуучу автоунааларды, БМП, БТР сыяктуу бронетранспортерлорду Түркиядан алсак болот", - дейт Мурат Бейшенов.

Түркияга кайрылган Бишкек. Москванын түшүнүксүз туруму.

Ошондуктан президент Садыр Жапаров былтыр жазда 36 адамдын өмүрүн алган Баткендеги куралдуу жаңжалдан соң аскер доктринасын кайра кароо, армияны реформалоо демилгесин көтөргөн. Ал кийин Анкарага барганда Түркия менен аскердик кызматташтыкты жандантуу маселеси козголгон. Президенттер Жапаров менен Эрдоган жетишкен макулдашууга ылайык, 28-июнда Түркиянын коргоо министри Хулуси Акар Бишкекке учуп келип, Кыргызстандын коргоо министри менен жолугуп, андан кийин президенттин кабыл алуусунда болгон.

Кремлге жакын аскердик эксперт Александр Храмчихин бул багыттагы Москванын турумун белгиледи.

"Биринчи кезекте, азыр алар ооган коркунучуна каршы эмес, бири-бирине каршы куралданышууда. Мындайда Орусия Тажикстанга же Кыргызстанга жардам бериши кыйын. Орусияга таянуунун мааниси жок. Бирок башка оюнчулар Борбор Азияда өз таасирин арттырышууда. Буга албетте, Орусия кубанбай турганы баарына эле түшүнүктүү. Бирок мен анын ага карата кандай аракет кыларын айта албайм. Борбор Азиянын бардык өлкөлөрү буга чейин аскердик тармакта Орусияга гана карап келген. Азыр эми бул тутумга Түркияны кошуу канчалык өзүн актарын жана анын жыйынтыгы кандай болорун айтуу кыйын. Эмне үчүн дегенде бул саясий-аскердик жактан жөнөкөй эмес. Албетте, кызыкчылыкты чектейт. Мында кызматташтык болушу мүмкүн эмес. Мында аскердик-техникалык жана саясий жактан же Орусияны же болбосо Түркияны тандоо керек", - деди Москвадагы аскердик аналитик.

Анкарадан келген "Байрактар"

Былтыр Түркиянын жана Кыргызстандын аскер жетекчилеринин макулдашуусунан көп өтпөй, Бишкек Анкарадан “Байрактар” аталышындагы учкучсуз учактарды сатып алары айтылып, жыл соңунда анын бир нече даанасы Кыргызстанга жеткирилгени кабарланган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына "Байрактар" учкучсуз аппараттары тапшырылганын президенттик администрация билдирген болчу. Мамлекет башчысынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 18-декабрда президент Садыр Жапаров жаңы техника менен таанышып көрүп чыккан.

27-январда экинчи ирет кайталанган чек ара жаңжалында Дүйшөмбү Бишкекти чек ара аймагын чалгындоодо аскер дрондорун колдонууга айыптады. Тажикстандык жана Орусиялык маалымат каражаттары дагы мына ушул жагдайга басым жасашты. Бирок Кыргызстан айтылгандарды четке каккан.

Коопсуздук боюнча казакстандык эксперт Рустам Бурнашев бул жагдай эки тараптын ортосунда күчтөрдүн тең салмагын бузуп, анан ал чатактын ырбашына алып келет деген ойдо.

Казакстан. Рустам Бурнашев, Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук боюнча эксперт.
Казакстан. Рустам Бурнашев, Борбор Азия чөлкөмүндөгү коопсуздук боюнча эксперт.

"Аскердик аралашууга аракет бар. Мисалы, үчүн соңку мезгилде Түркия Борбор Азиядагы абалга катышууга ынтызар болуп турат. Карап көрсөк, иш жүзүндө бул эмнеге алып келет? Жакында Түркия Кыргызстанга учкучсуз учактарын бергени тууралуу маалымат чыкты. Албетте, бул нерсе Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда күчтөрдүн тең салмагынын өзгөрүшүнө алып келерин жакшы түшүнөбүз. Бирок күчтөрдүн тең салмагы өзгөргөн учурда Кыргызстан же Тажикстан өзүн кандай алып жүрөрүн алдын-ала айтуу кыйын. Демек, Түркиянын катышуусу эмне берет? Бул нерсе калыптанып калган тең салмакты бузат. Анан биздин бул өлкөлөр ортодогу курч маселесин мурда жетиштүү аскердик дарамети жок болгондуктан сүйлөшүү аркылуу чечүүгө аргасыз болсо, эми аларда чек ара чатагын аскердик күч менен чечүү азгырыгы пайда болду. Ушул жакшыбы, албетте жаман. Түркия Борбор Азиядан алыс жайгашкан. Эгерде чөлкөмдө олуттуу чатак чыкса, ал Түркияга түз таасир этпейт. Ал өз максатына жетиши мүмкүн. Бирок көйгөйү кала берет. Биз ушундай кырдаалда башка жактан дагы аскердик кийлигишүү бар экенин көрүп жатабыз. Бул боюнча ошондой эле аракеттерди Орусия тараптан дагы көрүп жатабыз".

27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Баткендин Төрт-Көчө аймагында тажик тараптан жол буулуп, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган. Кыргызстандын Чек ара кызматы андан көп өтпөй тажик тараптан Чыр-Дөбө тилкесинде ок атылганын билдирген. Бишкек муну "тажик чек арачыларынын чагымы" десе, Тажикстан Кыргызстанды айыптады. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жалпысынан 12 кыргызстандык жаран жабыркаган. Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны каза таап, дагы 10 адам жаракат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жай тургун экенин жарыялады.

Бишкектин сунушу, Москванын мамилеси

Аркадий Дубнов чек арадагы чагымчыл аракеттерге баа берүү үчүн Бишкек мурда Москвага кайрылганын, бирок жооп болбогонун белгиледи.

"Кыргыз тарапта Орусия анын сунушуна жооп бербей жатканына карата тынчсыздануу бар. Бишкек тажик тарап аскер курал-жарагын чек арага жакын алып келип жаткан кырдаалга байкоо салуу үчүн өзүнүн Тажикстан менен чектешкен аймагына окуу-машыгуу борборун курууну сунуштаган. Ал жакта жүрүп жаткан жалпы абалды аныктап, контртеррористтик багытта иштөө үчүн кыргыз тараптын сунушу боюнча атайын бөлүктөрдү түзүү каралган. Бирок Москва бул сунушту кабыл алган эмес. Себеби, ал Тажикстан менен мамилесин бузууну каалабайт. Ошондуктан азыр тажик тараптын жеке демилгеси саясий-аскердик жактан алганда аябай тобокелчиликтүү".

Буга чейин 2006-жылдан бери Москва Бишкекке кайрылып, Кыргызстандын түштүк аймагында, айрыкча Ош шаарына жакын Өзбекстан менен чектешкен аскердик полигондо окуу-машыгуу борборун курууну сунуштап келгени белгилүү. Ал эми бул жолу кыргыз тараптын Тажикстан менен чектешкен аймакка борбор куруу жана чек ара жаңжалына адилет мониторинг жүргүзүү боюнча кыргыз тараптын сунушун Москва эмнеге четке кагып жатканы белгисиз бойдон калды.

Кыргызстан менен Тажикстан экөө тең мүчө болгон ЖККУ соңку чатактан кийин тараптарды ок атышууну токтотууга чакырган билдирүүсүн жарыялады. Ал эми былтыр жаздагы куралдуу чатак маалында Орусия баштаган бул уюм Дүйшөмбү шаарында жыйынын өткөрүп, бирок ал окуяга карата бир топко чейин комментарий берген эмес.

Эл аралык Global Firepower басылмасынын 2021-жылы 3-мартта чыгарган жыйынтыгына ылайык, аскер кубаттуулугунун рейтинги боюнча 140 өлкөнүн арасында Тажикстан дүйнөдө 99-катарда болсо, Кыргызстан 93-орунду ээлейт. Бирок Тажикстандын армиясында 9 миң адам кызмат өтөп, 2020-жылы алгачкы жолу коргоо тармагына 79 млн. доллар бөлгөнү көрсөтүлгөн. Кыргызстандын армиясынын саны 11 миңди түзүп, анын аскердик бюджети жыл сайын 20 млн. доллардын айланасында экени белгиленген. Былтыр жаздагы жаңжалдан кийин Кыргызстан коргоо тармагына бир жылда 100 миллион доллар бөлүнгөнү, курал-жарак негизинен Орусия менен Түркиядан сатып алынары белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG