Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Kaktus.media жарыялаган кабарды прокуратура териштирет


Kaktus.media сайтынын логосу.
Kaktus.media сайтынын логосу.

Kaktus.media сайтындагы кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалыматка байланыштуу кылмыш иши козголду.

Көзөмөл органдын айыптоосу

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал тууралуу 27-январда жарыяланган маалыматка байланыштуу кылмыш ишин козгоп, мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн тергөө жүргүзүүдө.

“Макалада Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери Тажикстан Республикасы тарапка биринчилерден болуп ок атып, чагым кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш иши козголгон”, - деп айтылат Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан маалыматта.


Ушул эле күнү басылманын журналисттери Бишкек шаардык прокуратурасында сурак берип чыкканы белгилүү болду.

“Негизсиз айып коюлду”

Kaktus.media басылмасынын редактору Дина Маслова “козголгон кылмыш ишин негизсиз” деп, муну сөз эркиндигине карата бийликтин басымы катары баалады. Маслова редакциянын жамааты кибербуллинг, басылманын социалдык тармактардагы баракчалары DoS-чабуулга кабылып жатканын билдирди.

Дина Маслова.
Дина Маслова.

“Иш таптакыр негизсиз. Бул берене менен кылмыш иши козголгон прецедент жок. Бул иш - мамлекеттик пропаганда, DoS-чабуул жана кибербуллингден сырткары басым жасоочу куралдардын бири. Биз иштин чоо-жайын айтпоо үчүн кол коюп бергенбиз. Бул иш кантип иликтенип, соттук териштирүү кандай болот билбейбиз. Бардык нерсе болуп кетиши мүмкүн. Андыктан мындан ары кандай болот, так божомолдош кыйын”, - деди Маслова.

Чырга себеп болгон маалымат

27-январда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп жаткан маалда Kaktus.media сайты Тажикстандын Asia Plus басылмасынын чек арадагы кырдаал тууралуу кабарын көчүрүп жарыялаган. Ал кабарга социалдык тармактарда сын-пикир күчөп, айрымдар басылма "Тажикстандын кызыкчылыгын көздөгөн маалыматты жайылтты" деп айыпташкан.

Бишкекте 28-январда Kaktus.media басылмасынын кеңсесинин алдында нааразычылык акциясы өткөн. Анда “Чек ара” бирикмесинин өкүлү, жарандык активист Айкут Конушбаев журналисттер Баткен аймагын, чек арадагы маалыматтарды тактабай чыгарып жаткан журналисттерди сындап, талылуу маселелерди жакшылап изилдеп чыгарууга чакырган.

"Көпчүлүк журналисттер картаны билбей туруп эле жаза беришет. Баткенди карап көргөн эмес, эч кандай кабары жок. Картаны карабастан, изилдебестен жаза берет. Тажикстан Сомониён деген айыл деп жазып койсо, булар дагы көчүрүп жазып койгону уят. Журналист катары ошол Баткен районунун эле айылдарын окуп койгулачы! Кыргызстандын географиясын окубай эле койгула! Кыргызча айылдын аттарын билип алгыла".


Kaktus.media талаш-талкуу, нааразылык жараткан маалымат тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ал кабар Тажикстандын Asia Plus басылмасынан көчүрүп жарыяланган маалымат (перепечатка) экендиги белгилүү болгон.

"Бул басылманын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүү керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган (Перепечатка) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз", - деп жазылган басылманын түшүндүрмөсүндө.

Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев ар кандай кылмыш иштеринин алкагында журналисттердин суракка чакырылып жатканын сынга алды. Ал буга байланыштуу көп кайрылуу түшүп жатканын айтып, басма сөз өкүлдөрүнө макам берүүнү сунуштады.

Сеидбек Атамбаев.
Сеидбек Атамбаев.

“Kaktus жана башка журналисттердин суракка чакырылышын туура эмес деп эсептейм. Анткени, көп кайрылуу болуп жатат. Аларга макам бериш керек”, - деди Атамбаев.

Медиа эксперт Тамара Валиева чек ара чырында Kaktus.media сайты башка булактын кабарын көчүрүп, шилтеме берип жарыялаганын жана ал мыйзам бузууга жатпасын белгиледи:

“Kaktus.media ар тараптуу, бейтарап маалымат берүү максатында, тажик тараптын маалымат каражаттары кандай чагылдырып жатканы жөнүндө маалымат булагын көрсөтүп, кабар жазды. Нормалдуу адам аны Kaktus.media басылмасынын пикири эмес экенин түшүнөт. Ал жерде маалымат булагына шилтеме берилип жатат. Эртеси күнү журналисттер ал кабар жөнүндө түшүндүрмө жарыялап жатат. Биз ал тараптын маалымат каражаттары кандай чагылдырып жатканын билишибиз керек”, - деди Валиева.

Ушул тапта Бишкек шаардык милициясы иликтөөчү журналист Болот Темиров менен анын командасындагы төкмө акын Болот Назаровду баңгизатка байланыштуу айыптап, ишти териштирип жатат.


Жогорку соттун төрагасы кызматына президент сунуштаган талапкер Замирбек Базарбеков 2-февралда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, сот системасын реформалоого байланыштуу ой-пикири менен бөлүштү. Оппозиция, журналисттерге каршы сот жараяндары токтотулушу керек деген пикирин айтты.

Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

"Саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге жана жада калса бийликке сын айткан карапайым адамдарга карата жүргүзүлгөн сот жараяндарынын баары тез аранын ичинде токтотулушу керек. Үчүнчүдөн, сот бийлигин ар кандай саясий топтордун куралына айлантпоого аракет кылышыбыз керек. Андан кийин, соттордун эмгек акыларын, техникаларын жогорулатуу менен биргеликте жоопкерчилигин дагы көтөрүү керек"- деди Базарбеков.

Мамлекеттик каналдардагы окшош репортаж

Чек ара жөнүндө кабардан улам Kaktus.media сайтына кылмыш иши козголгону белгилүү болгондон бир күн мурун, 31-январда мамлекеттик КТРК, ЭлТР жана "Пирамида" телеканалдарында басылманы сындаган көз караштагы окшош сюжет көрсөтүлгөн. Ал репортаждарда ар бир сайтта жазылган маалыматтар үчүн жоопкерчилик маселеси козголуп, Kaktus.media окуясы баарына сабак болушу керек экени белгиленген.

Factcheck.kg сайты мамлекеттик телеканаларда жарыяланган Kaktus.media басылмасы жөнүндө материалдарга анализ кылып, манипуляция ыкмалары колдонулган деп жазды. КТРКнын жетекчилиги дооматтарды четке кагып, аны журналисттерди так маалымат берүүгө чакырган репортаж катары баалады.

Редактор Дина Маслова жетектеген “Zanoza.kg" деген ат менен белгилүү басылма камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин убагында дагы доого жыгылган. Кийин Kaktus.media болуп өзгөртүлүп, өлкөдөгү бардык саясий окуяларды активдүү чагылдырып, камалган саясатчылардын соттук жүрүштөрүн, ар кандай акция-митингдерди түз эфирде көрсөтүшөт. Айрым учурда иликтөө дагы жарыялашат.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG