Кыргызстанда сайттардын 80% жарандардын макулдугусуз жеке маалыматтарын мыйзамсыз чогултат. Мындай тыянак жеке маалыматтарды коргоонун эл аралык күнүнө карата жүргүзүлгөн изилдөөдө жарыяланды.
Ошол эле кезде Орусия "Яндекс" кызматтарын жарандардын жеке маалыматтарын чогултуп, аларды атайын кызматтар же полиция менен бөлүшүүгө милдеттендирди.
Жеке маалыматтарды чогулткан интернет сайттар
Жеке маалыматтарды коргоо боюнча изилдөөдө өлкөнүн аймагында кызмат көрсөткөн 500дөн ашуун интернет сайт анализделген. Анын ичинен 180 сайт түздөн-түз колдонуучулардын жеке маалыматтарын чогулта турганы белгилүү болду.
Басымдуу көпчүлүгү пикир алышуу үчүн колдонуучулардын байланыш маалыматын чогултуп, акциялары жана өндүрүмдөрү жөнүндө маалымдашат.
Изилдөөчү Нурбек Арзымбаев жеке маалыматтардын корголбой жатканын айтууда.
“Ар бир жолу, качан тамак-аш буюртма берүү үчүн интернет сайттарга киргенде, музыка укканда өздүк маалыматтарды байкоосуздан калтырасыздар. Маалым болгондой, көпчүлүк сайттар сиздерден сурабай эле жеке маалыматтарыңыздарды алат. Бул сиздин аты-жөнүңүз, курагыңыз, дарегиңиз жана телефон номурларыңыз сыяктуу маалыматтар. Жеке маалыматтарды пайдаланууга эч ким кепилдик бербеген чакта эң эле кооптуусу, сиздин ал маалыматтарды шантаж үчүн колдонуп же алар аркылуу сиздин аккаунттарды бузуп кириши мүмкүн”, - деди изилдөөчү.
Жеке маалыматтардын корголушу боюнча изилдөөнү "Интернет" коомунун кыргыз бөлүмү жүргүздү. Жеке маалыматтарды сураган 180 сайттын 35и гана уруксат алып, калганы чогултууга макулдук алган эмес.
Мындан тышкары, ал веб-сайттардын 40% ашууну өлкөдөн тышкары аймактарда жайгашкан. Жеке маалыматтардын сактоо мөөнөттөрү аныкталып, коргоо чаралары көрүлбөгөнү белгиленди.
Ошол эле кзеде Орусияда "Яндекс.Такси", "Яндекс.Го", "Яндекс.Лавка" "Яндекс.Фуд" кызматтары колдонуучулардын маалыматтарын чогултууга, сактоого, ошондой эле аларды укук коргоо органдарынын суроо-талабы боюнча берүүгө милдеттендирилди.
Терроризмге каршы мыйзам уюлдук байланышка жана интернетке жеке маалыматтарды чогултууга жол берген өзгөртүүлөр жаңы жылдан күчүнө кирди. Бул жоболор мыйзам демилгечисинин атынан "Яровая пакети" деп аталып калды. Анын негизинде жарандарды аңдууга жана алардын кыймыл-аракетин көзөмөлдөөгө жол ачылды деген сын болгон.
"Биз уюлдук байланыш операторлору менен жолугушууларды өткөргөнбүз. Ошондо биз дал технологиялык учурларын жана жеке маалыматтарды коргоо маселелерин талкуулаганбыз. Анткени азыр дүйнөдөгү бул багыттагы жагдай төмөндөгүдөй. Ооба, чынында эле бардык жеке маалыматтар сакталат. Жарандарга маалыматтарын интернеттеги серверлерде сактоону жана резервдик көчүрмөлөрүн түзүүнү тынымсыз сунушташат. Маселе бул жерде мына ошол жеке маалыматтардын бардыгы башка чет өлкөлөрдө сакталганында. Ал эми Орусия кылмыш ишин козгоп, террордук актыга шектүүлөргө ыкчам-издөө иштерин жүргүзүүдө маалыматтарды чет жактан ала албайт. Ага ылайык, тиешелүү далилдерди да таба албай калат", -деди депутат, дейт Мамдуманын коопсуздук комитетинин төрайымы Ирина Яровая.
Мыйзам уюлдук операторлорго жана интернет компанияларга алты ай бою кардарларынын телефон сүйлөшүүлөрүн, СМС билдирүүлөрүн жаздырууга жана жеке маалыматтарын сактап, аларды атайын кызматтарга берүүнү талап кылат. Бул мыйзамды ишке ашырууга кетчү чыгым кеминде 10 триллион рублге барабар экени кабарланды.
Кыргызстандагы абал
Кыргызстанда жеке маалыматтарды коргоо маселеси көп көтөрүлөт. Соңку чуулгандуу иште иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровду тымызын жаздырган аудио жана видео материалдар социалдык тармактарга тараганы белгилүү.
Активисттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү адамдын жеке жашоосуна байланыштуу маалыматтарды каралоого пайдаланууну эң ыплас ыкма катары сындап чыгышты.
Эске салсак, жеке маалыматтарды коргоонун Эл аралык күнү 2007-жылдан бери жыл сайын 28-январда белгиленет.
Жеке маалыматтар адамдардын аты-жөнү, жашаган дареги, жаш курагы, үй-бүлөлүк абалы, паспорттук маалыматтары, банк эсептери, медициналык же социалдык камсыздоосуна байланыштуу жеке өзүнө гана байланыштуу маанидеги маалыматтар болуп саналат.
Жеке маалыматтарды сактоо, пайдалануу жана мамлекеттик же жеке тараптарга өткөрүп берүү мыйзам менен корголот.
Кыргызстанда жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо тууралуу мыйзам 2008-жылы иштелип чыгып, күчүнө кирип, 2017-жылы жана 2021-жылы жаңыдан жоболор менен толукталган.
Мыйзамга ылайык, мамлекеттик, муниципиалдык органдар жана менчигинин түрүнө карабастан башка юридикалык жактар адамдардын жана жарандардын жеке маалыматтарын алардын өздөрүнүн макулдугусуз чогултууга, пайдаланууга жана үчүнчү тарапка өткөрүп берүүгө тыюу салынган.
Кыргызстанда өткөн жылы Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлгөн. Жаңы агенттик Министрлер кабинетинин алдында иштей турганы аныкталган.
Башкаруу тутумун оптимизациялоо жана "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» мыйзамга ылайык, агенттик “жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, алардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат” деп белгиленген.
Жеке маалыматтарды коргоо – тигил же бул адамга байланыштуу маалыматтарды коргоого багытталган техникалык, уюштуруу иш-чараларынын комплекси.