Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:29

"Бийликтегилер иликтөөчү журналисттерден коркушат"


Мэттью Купфер, Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борборунун Борбор Азия боюнча регионалдык редактору
Мэттью Купфер, Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борборунун Борбор Азия боюнча регионалдык редактору

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына, иликтөөчү журналисттердин, жалпы эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коопсуздугуна байланыштуу тынчсыздануу жаратат.

Мындай пикири менен Коррупция жана уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борборунун (OCCRP) Борбор Азия боюнча регионалдык редактору Мэттью Купфер бөлүштү. Ал ошондой эле соңку окуялардан кийин Temirov LIVE каналынын популярдуулугунун өсүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептейт.

- Болот Темировдун күч түзөмдөрү тарабынан кармалышына сиздин реакцияңыз кандай болду? Бул иш канчалык тынчсыздандырат?

- Журналистти болжол менен кесиптик ишмердигине байланыштуу кармашканы - дайыма абдан камтама кылган коңгуроо. Кайсы өлкө болбосун биз андай иштерге, көңүл буруп, сөз эркиндигин коргошубуз керек. Бул жолу андай окуя Кыргызстанда болуп отурат. Мен дагы бир тынчсыздандырган нерсеге басым жасайт элем. Болотко маңзатты атайлап салып коюшканын көрдүк. Журналистти кармоо үчүн мындай ыкманы пайдалануу бир четинен өтө олуттуу болсо, экинчи жагынан примитивдүү деп ойлойм.

Андай учурлар буга чейин да болуп келген. Эсиңиздерде болсо, 2019-жылы Москвада журналист Иван Голуновго да маңзаттарга байланышкан айып тагылган. Ага да белгисиз затты атайлап салып кетишкен, анан кармашкан. Бул иш Орусияда абдан чоң резонанс жаратып, нааразылык тутангандан кийин ишти жаап туруп, журналистти кое беришкен. Орусияда андай көрүнүш аз жолуккандыктан, бардыгыбыз иштин жабылышына абдан таң калганыбыз эсимде. Кимдир бирөөнүн чөнтөгүнө, баштыгына атайлап баңгизаттарды салып коюу - адам укуктарын одоно бузуу болуп эсептелет. Менимче, бул абдан ыплас, кооптондурган иш.

- Иликтөөчү журналисттерди ушундай ыкма менен тузакка түшүрүү көп жолугабы?

- Мен айта албайт экем, андай сандар же статистика менде жок. Адатта иликтөөчү журналисттер, көбүрөөк аңдууга туш болушат. Себеби, артынан түшүп, ар бир кыймыл аракетин аңдып жүргөндө бийлик маалымат алууга, эмнелерди иликтеп жатат, эмненин үстүнөн иштөөдө деп билүүгө аракеттенет. Азыр бир нерсени эстеп кеттим. Бул Иван Голунов, Болот Темиров менен Болот Назаровдун ишине чейин болгон. Постсоветтик аймактагы журналисттер "маңзаттарды атайлап салып, ыргытып кетишет" деп абдан чочулашканын айтып беришкени эсимде. Эмне дегенде ал өлкөлөрдө баңгизаттарды колдонуу, жасоо же таркатуу үчүн абдан катаал жаза каралган. Андай айып тагылган адам көп жылга кесилип кетиши мүмкүн.

- Эмне себептен көп өлкөлөрдө бийликтегилер иликтөөчү журналисттерден коркушат?

- Муну жөнөкөй эле түшүндүрсө болот деп ойлойм. Иликтөөчү журналистика коррупция иштерине аралашкан таасирдүү адамдарга коркунуч жаратат. Бардык өлкөлөрдө, жадесе авторитардык режимдерде тигил же бул аткаминер жемкорлукка малынган деген фактылар ачыкка чыкса, кандай чара көрүү керектиги каралган мыйзамдар бар. Иликтөөчү журналисттер кимдир бирөөлөрдү жөн гана айыптабастан, далилдерди казып чыгат, ачыкка чыгарат. Андыктан алар мыйзам бузган, коррупциялык схемаларга катышкан, өз ишинде кайсы бир калпыстыктарга барган жетекчилер, бийлик өкүлдөрү үчүн кооптуу болушат.

Иликтөөчү журналистика мына ушунусу менен журналистиканын башка тармактарынан айырмаланат. Алсак, жөнөкөй репортаж, макалада тигил же бул саясатчы натыйжалуу иштебей жатканы, анын терс жактары чагылдырылышы мүмкүн. Иликтөөдө болсо, айныксыз далилдер келтирилет. Ошон үчүн аткаминерлер чочулашат. Далил - куралдын бир түрү деп айтат элем. Жөнөкөй айыптоону көз жаздымда калтырса болот. Ал эми фактылар келтирилгенде мамлекет, укук системасы чара көрүүгө тийиш болот.

- Болот Темировдун кеңсесинен компьютер, башка техниканы алып кетишпедиби. Журналист өзү иликтөөнү кантип жасаганын билүүгө аракеттенишүүдө деп боолголойт. Ушул жагынан алганда журналисттердин булактары үчүн камтама болууга негиз барбы?

- Иликтөөчү журналисттер, дегеле жалпы журналисттердин бардыгы өз булактарын бийликтин, кылмыш дүйнөсүнүн же башка куугунтуктоодон коргоо үчүн активдүү аракет көрүшөт. Бийлик техникалык жабдууларды алып кеткенде, албетте, булактар тобокелге кептелет. Менимче, бул окуяда көп нерсе тынчсыздандырат. Биринчи кезекте - Кыргызстандагы сөз эркиндиги кандай болот деген маселе каралышы керек. Экинчиден, иликтөөчү журналисттердин, Temirov LIVE каналында иштегендердин, жалпы журналисттердин коопсуздугу жана алар менен маалымат бөлүшкөн булактардын коопсуздугу да кабатырлануу жаратпай койбойт.

- Болот Темиров кармалгандан кийин алардын акыркы иликтөөсүн көргөндөр бир түндө эле эселеп көбөйүптүр. Демек, алар ого бетер популярдуу болуп калды?

- Ооба, мен толугу менен бул ойго кошулам. Журналистти кармоо күч түзүмдөрү көздөгөндөн тескери натыйжага алып келди. Буга таң калбай эле коюш керек. Бул абдан стандарттуу көрүнүш. Англис тилинде анын өзүнчө аталышы да бар. “Стрейзанд эффекти” деп коюшат. Көп жыл илгери бир уюм Калифорниядагы үйлөрдүн спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялоону чечет. Белгилүү актриса жана ырчы Барбара Стрейзанд анын хансарайынын интернеттеги ачык мейкиндикте пайда болушун каалабай, тоскоолдуктарды түзүп, маалыматтын жарыялануусун алдын алууга аракет көрө баштаган. Ошентип элдин көңүлүн ого бетер өзүнүн вилласына бурдурган.

Ошондон бери “Стрейзанд эффекти” деп аталып калган көрүнүшкө көптөгөн жагдайларда күбө болуп келатабыз. Кыргызстанда бүгүнкү күндө “Темиров эффекти” , “Назаров эффекти” же “Темиров менен Назаровдун эффекти” жаралды деп айтат элем. Иликтөөчү журналисттин ишине бут тосуу аракети, күч түзүмдөрүнүн бийликке жакпай калган материалга мындай реакциясы ошол журналисттин ишине, акындын чыгармачылыгына кызыгууну күчөтүүдө. Менимче, Темировдун каналын көргөндөр ал кармалбаса, мындан азыраак болот эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG