Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Журналисттин рюкзагына маңзат салууга айыпталган полициячылар кесилди


Журналист Иван Голуновдун сумкасына маңзат таштоого айыпталган полиция кызматкерлери сотто. 14-декабрь, 2020-жыл.
Журналист Иван Голуновдун сумкасына маңзат таштоого айыпталган полиция кызматкерлери сотто. 14-декабрь, 2020-жыл.

Москва шаардык соту «Медуза» басылмасынын журналисти Иван Голуновдун иши боюнча өкүмүн чыгарды.

Ага ылайык, 2019-жылы Голуновдун сумкасына маңзат салууга айыпталып камалган беш полиция кызматкери жети жылдан 16 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Сот Голуновдун жарандык доосун канааттандырып, камалгандардын ар бирин жабырлануучуга миллион рубль төлөп берүүгө милдеттендирди.

Журналист 2019-жылдын жай айында Москвада маңзат соодасына байланышы бар деген шек менен кармалган. Голунов өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, адвокаты анын чөнтөгүнө жана батирине маңзат атайын ташталганын билдирген. Анын бошотулушун талап кылган бир катар коомдук акциялардан кийин, журналистке тагылган айыптар алынып, эркиндикке чыгарылган.

Голуновго баңгизатты салып койгон деген шек менен беш полиция кызматкерине жарым жылдан кийин гана кылмыш иши козголгон.

XS
SM
MD
LG