Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Журналист менен төкмөнүн кармалышы: суроо жараткан жагдайлар


Болот Темиров журналисттердин курчоосунда. Бишкектеги митинг. 23-январь, 2022-жыл.
Болот Темиров журналисттердин курчоосунда. Бишкектеги митинг. 23-январь, 2022-жыл.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаровдун окуясы жалпы журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү укук жана коопсуздук маселесин күн тартибине чыгарды. Ал ортодо ички иштер министри Улан Ниязбеков аларды кармоо жана жүрүп жаткан териштирүүлөр боюнча билдирүү таратты.

Ички иштер министринин билдирүүсү

"Бишкек шаарынын тургуну мекемеге арыз менен кайрылып, Болот аттуу жигит 2021-жылдын 25-октябрынан бери өзүн жана досторун баңгизат колдонууга мажбурлап жатканын, Бишкектеги Лонгвиненко көчөсүндөгү 55-үйдө жайгашкан кеңседе маңзаттарды колдонууга көндүрүү болуп, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранганын жазды", - деп билдирди ички иштер министри Улан Ниязбеков.

Арыздын негизинде аталган кеңседе тинтүү жүрүп, анын ээси журналист Болот Темировдун чөнтөгүнөн кара куурайдын чайыры, же гашиш заты табылган. Ниязбеков төкмө акын Болот Назаровдун кармалышы тууралуу да түшүндүрмө берип, аны кармоо учурунда чөнтөгүнөн 14 граммдан ашык кара куурай чайыры табылганын маалымдады.

"Биз коомчулукка таанымал жарандардын арасынан ушундай кылмыштуу жагдайларга баруусун күткөн эмеспиз. Тескерисинче, ар кандай кылмыштар, ушул эле баңгизаттар багытындагы кылмыштар боюнча да, айрым бир башка кылмыштардын алдын алууга да журналисттер ар дайым бизге жардам берип келишкендигин белгилеймин. Бирок, факт деген факт экен. Арыз менен кайрылды, биз чара көрүү үчүн тактоо иретинде тиешелүү иш-чараларды жүргүздүк. Тилекке каршы, жыйынтыгында кылмыштын курамы бар экендиги такталып олтурат. Тиешелүү экспертизалар алынды, тергөө иши акыйкат жана мыйзам чегинде жүргүзүлөт, тергөөнүн жүрүшү толугу менен менин көзөмөлүмдө болот. Баса белгилеп кетүүчү жагдай, коомдун алдынкы прогрессивдүү билимдүү азаматтардын баңгизаттарды пайдаланып, ал түгүл башка жарандарды да мажбурлап жаткандыгы мени өкүндүрөт", - деген министр өз билдирүүсүн экспертизанын жыйынтыгы далилдегенин кошумчалаган.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирүүсүндө журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) маалымдады.

"Журналисттин Баш мыйзамдагы укугу бузулду"

Кыргызстандагы "Медиа Полис" институту журналист Болот Темиров боюнча билдирүү таратып, анын кармалышы кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин айтып чыкты. Анын жумушуна тоскоолдук жаратуу Конституциянын беренелерин бузуу болуп эсептелинери көрсөтүлөт. Билдирүүгө жергиликтүү 13 медиа уюм жана 10дон ашык журналист кол койгон.

32-берене - "Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу". 10 - берене - "Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүзөгө ашырат". "Журналисттердин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамдын 4-беренесинде "Журналисттин коомдук кызыкчылык туудурган, жарандардын укуктарына, эркиндиктерине жана мыйзамдуу таламдарына тиешелүү маалыматка жетүүсүнө чек коюуга жол берилбей турганы белгиленген” деп жазылат.


Ошондой эле медиа коомчулуктун кайрылуусунда Болот Темиров баңгизаттарды сактоого жана таратууга шектүү катары кармоо одоно мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөнү белгиленген.

"Кеңсенин техникасынын ишке кандай тиешеси бар?"

Ошондой эле күч кызматкерлеринин кеңсени тинтип, видео көзөмөл, компьютер жана башка техникалардын алып кетиши бир топ суроолорду жараткан.

“Болот Темировдун кеңсесинде видеокөзөмөл камералары болгон, кеңседе тинтүү жүрүп жаткандыктан милиция кызматкерлери да видеокамера менен кириши керек болчу. Бирок, журналисттер маалымдагандай, милиция кызматкерлери көзөмөл камераларындагы маалымат дисктерди чыгарып, өздөрү менен кошо ала кетишкен. Эмне үчүн? Мунун ишке кандай тиешеси бар?”


"Медиа Полис" институту тараткан кайрылууда Башкы прокуратура тарабынан журналисттин окуясына юридикалык баа берилбесе, Кыргызстан эл аралык уюмдардын алдындагы милдеттемелерин эске салып, аларга кайрылууга мажбур болору жазылган.

Медиа юрист Амат Алагушевдун пикиринде, жогорку кызмат адамдарынын аты аралашкан иликтөөлөрдү жарыялаган журналисттин окуясына өлкөнүн көзөмөл органы баа бериши керек.

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

“Болот Темиров Башкы прокуратурага арыз жазса болот. Негизи, Темиров арыз жазбаган күндө деле көзөмөл орган катары өздөрү баа бериши керек. Кармоо, тинтүү кандай болгонунун мыйзамдуулугун карап, коомчулукка маалымат бериши зарыл. Күч кызматкерлеринин адам укугунун бузуусун прокуратура көзөмөлдөйт”, - деди Алагушев.

Юристтердин суроолору

Жогорку Кеңештин 2-3 депутатын эске албаганда, журналисттин камалып чыгышы жөнүндө парламент жетекчилери үн ката элек. Адам укугу жаатында иш алып барган "Бир Дүйнө Кыргызстан" уюму парламент төрагасы Талант Мамытовго кайрылуу жөнөтүп, иликтөөчү журналисттин кеңсесине куралчан күч кызматкерлеринин тобу бастырып кирип, тинтүү иштеринин жүргүзүлүүсүн сөз эркиндигине басып катары баалаган. Уюмдун юристтери бир нече суроону кабыргасынан койду.

  • Эмнеге коомдук коопсуздукка коркунуч келтирбеген журналисттердин кеңсесине куралдуу атайын бөлүктүн кызматкерлери кирип барышты?
  • Эмнеге каршылык көрсөтпөгөн кеңсеги адамдар көмкөрөсүнөн жаткырылды?
  • Эмнеге жөнөкөй журналисттерге күч түзүмдөрүнүн ашыкча күчү, ресурсу колдонулду?
  • Эмнеге Болот Темировдун чөнтөгүнө зат салынып, кеңседеги редакцияга караштуу оргтехника жана материалдар алынды?

Мындан сырткары Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жогорудагы билдирүүлөргө үндөшкөн кайрылуусун Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жолдоду. Эл өкүлү катында журналисти кармоодо күч кызматкерлеринин укуктарынан аша чапкандыгы жана журналисттик иликтөөдөгү фактыларды дагы текшерүү керек экенин жазган.

Журналисттин ишин Башкы прокуратура көзөмөлгө алды

Башкы прокуратура журналисттин кармалышын сот мыйзамдуу деп тапканын белгилеп, ал эми тергөөнүн жүрүшү көзөмөлдө экенин билдирди. Мекеменин Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов буларды билдирди.

"Сот анын кармалганын мыйзамдуу деп тапты. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында тергөө жүрүп жатат. Тергөө Бишкек шаардык прокуратурасында көзөмөлгө алынды. Андан сырткары жалпы иш Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө".

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, 23-январдын кечинде Свердлов райондук соту Назаровдун кармалышын мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты. Мындан тышкары судья Бишкек шаардык милициясынын тергөө кызматынын жооптуу адамдары Кылмыш-процессуалдык кодексинин эрежелерин бузганы аныкталганы боюнча аныктама чыгарды.

Мыйзам алдында баары бирдей

22-январда Temirov LIVE "Ютуб" каналынын кызматкерлери отурган кеңсеге күч кызматкерлери кирип келип, саат 19:00 чамаларынан баштап тергөө амалдарын жүргүзгөн. Журналист Болот Темировду 23-январга караган түнү кармап кетишкен. Аны менен чогуу иштешкен төкмө акын Болот Назаров да ошол эле күнү шаардын башка жеринен кармалган. Укук коргоо органдары аларга Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирген.

Журналист Болот Темиров өзү тинтүү учурунда "күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын" айткан. Темиров менен Назаров бир күндөн кийин үй камагына чыгарылышкан. Сот Темировдун кармалышын да мыйзамдуу жана негиздүү деп тапкан.

Президент Садыр Жапаровдун кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев журналист кармалган иш боюнча кенен маалымат талап кылып жаткан коомчулуктун пикирин туура деп эсептейт. Бирок, Абыкеев мыйзамда тинтүү же тергөөдө эч кимге артыкчылык берилбегенин белгиледи.

Чолпонбек Абыкеев.
Чолпонбек Абыкеев.

"Бул эми кармалган адамды алып кетүүнүн эрежеси. "Барбайм" деп макул болбосо, алып кетүүнүн ошондой эрежеси болсо керек. Соттун уруксаты менен компьютерлерди алып кеткенине оор кылмыш болгону себеп болду. Баңгизат, баңгизаттарды ушул жерде тараткан, мындайча айтканда ушул жерде сатып турган “точка” деген маалымат чыгып жатпайбы. Ошондуктан жанагы операциялар, жанагы акчалар кайдан түшүп турганы ошолордун баары компьютерде сакталганбы деп алып кетиштиго”, - деди Абыкеев.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы жана анын иликтөөсү боюнча 23-январдагы маалымат жыйында комментарий берген. Ташиев иликтөөнү "жалган жалаа" деп атаган.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Бул каналдын бул иликтөөсү иликтөө эмес, ал жалган жалаа. Керектүү уюмдар, керектүү адамдар аны сотко берип, ар-намысын коргоп алат деген ойдомун. Мен өзүм аны сотко берип, артынан түшүп, куугунтуктайын деген деле оюм жок. Журналисттин кайсы бир маалыматы үчүн анын артынан түшүү бизге абийир, жакшылык алып келбейт, маанилүү эмес. Андан маанилүү көптөгөн маселелерди аткарууга милдеттүүбүз. Убактыбызды майда-чүйдө, журналисттерге жооп берүү, же жалган маалыматтарды төгүндөөгө кетирбейбиз", - деди УКМК төрагасы Ташиев.

Атайын кызматтын башчысы "Temirov LIVE "деп аталган YouTube каналынын компьютерлери текшерүү иштеринен кийин кайтарылып берилерин билдирген.

"Журналисттерди каралоо күч алды"

Анткен менен айрым медиа серепчилер иликтөөгө багытталган YouTube каналдын кеңсесинен техникаларды алып кетүү, анын ичиндеги маалыматтарга ээ болууга аракет экенин айтып жатышат. Ал ортодо Интернетте Болот Темировдун жакындарынын менен телефон сүйлөшүүсү делген, журналист башка күчтөрдүн кызыкчылыгына иштейт деген маанидеги тасма тарады.

Журналист Семетей Аманбеков Кыргызстанда соңку жылдары иликтөөдөгү фактыларды эмес, аны жасаган журналисттик топту каралоо, ар кандай жолдор менен коркутуу тажрыйбасы жайылганына нааразы.

Семетей Аманбеков
Семетей Аманбеков

“Кайсы бир мамлекеттик жетекчи иликтөөдө айтылган фактыларга макул болбосо, маалымат жыйын же видео түшүндүрмөнү дароо жарыяласа болот. Көпчүлүк укуктук өлкөлөрдө жогорку жетекчилер ошондой кылышат. Бизде негизи, жогорку жетекчилер жана коомчулукта медиа сабаттуулук төмөн. Ошондуктан каралоо маалымат батыраак сиңеби, душмандын образы батыраак болуп калабы деген ойдо маалымат таратып жатышат. Көпчүлүк маалымат колдонуучулар фактынын чын-төгүнүн текшерүүнү билишпейт”, - деди Аманбеков.

Журналист Болот Темиров социалдык тармактарда өзү жөнүндө тарап жаткан терс маалыматтарды "каралоо" деп атап, ал тасмада кеңсесинен алынып кеткен компьютерлердеги маалыматтар колдонулуп жатканы жөнүндө анализ кылып жатышканын маалымдады.

Болот Темиров.
Болот Темиров.

“Азыр толук айта албайбыз, анализ кылып жатабыз. Буга чейин эле телефон тыңшоо, аңдуу болуп келген. Кыргызстанда бийлик ушуга жетпедиби”, -деди Темиров.

20-январда Темиров жана анын командасы атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин туугандарына байланышкан иликтөө жарыялап, коомдо кызуу талкууга алынып жаткан.

"Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналга "жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG