Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:29

Мыйзам кимге иштейт? Фейктер менен күрөшүү чакырыгы


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары былтыр президент кол койгон “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын тагдырына кызыгууда. Мыйзамдын кандай иштеп жатканын сураган депутаттар, атайын кызматтан фейк аккаунттарды табууну талап кылышты.

“Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын төрт депутатынын бул талабы журналисттер атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев жана анын туугандары жөнүндө иликтөө жарыялап, Ташиев аны каралоо деп билдиргенден кийин болууда.

Узак талаш-тартыштан кийин былтыр кабыл алынган мыйзам тууралуу маселе Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин 25-январдагы отурумунда көтөрүлдү.

"Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрт депутаты Равшан Сабиров, Улан Примов, Алишер Козуев жана Жусупбек Коргонбай уулу атайын кызматтан фейк аккаунттарды табууну өтүндү.

Депутат Равшан Сабиров мамлекеттик жетекчилерге жалган жалаа жапкан, жарандардын аброюна шек келтирген аккаунттарды тазалоо керектигин айтып, "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы боюнча маалымат угууну, бул маселени күн тартибине киргизүүнү сунуштады.

"Бул маселени күн тартибине киргизип, маалымат уксак, ар тараптуу карап көрсөк. Бул мыйзам коомго абдан керек, иштеши шарт. Бүгүнкү күндө мамлекеттин башында турган инсандарга да жалган жалаа жаап, ар бир жарандын аброюна шек келтирген нерселерден коомду биз, депутаттар, тазалашыбыз керек, муну эл күтүп жатат”.

"Кимди фейк дейбиз?"

Депутат Равшан Сабиров мыйзам жөнүндө маалымат угуу талабы өлкөдөгү акыркы окуялар, коомдо талкуу болуп жаткан журналисттердин иликтөөсү менен байланышы жок экенин билдирди.

Эске салсак, парламенттеги эң ири “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын артында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев турганы айтылып келет. Ташиев өзү мындай сөздөрдү четке каккан. Анткени менен Жалал-Абад округунан депутат болуп шайланып келген Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиев аталган фракциянын мүчөсү.

Жакында Temirov LIVE каналы атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев жана анын туугандары тууралуу журналисттик иликтөөсүн жарыялаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 23-январда берген маалымат жыйынында журналисттик иликтөөнү каралоо деп билдирди.

Укук коргоочу Динара Ошурахунова депутаттардын “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамдын иштешин талап кылганы боюнча буларга токтолду.

“Мыйзамды иштетиш керек деп айтып жатышпайбы, ал мыйзам иштебейт. Бул жакта Баш мыйзам иштебей жатат. Кеп мыйзамда болбой калды, кеп саясий эркте болуп жатат. Коррупция менен күрөшүп жаткан адамдардын чыгарганын фейк дейби же кимди фейк дейт? Ал саясий эрктен. Журналист чыгарган материал боюнча Башкы прокуратура унчукпай жатат”.

Мыйзамды аткара турган орган жок

Жогорку Кеңештин комитетинде депутаттардын суроосуна жооп берген мамлекеттик органдын кызматкерлери аталган мыйзам иштеген бир дагы учурду мисал келтиришкен жок.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков мыйзамды атайын кызмат ишке ашырбай турганын билдирди. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнүн орун басары Алмаз Айылчиевдин айтымында, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тиешелүү мыйзамдык-ченемдик актыларды иштеп чыгып жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов мыйзамды ишке ашырчу орган аныкталбагандыгын, Маданият министрлигинин техникалык базасы, адистери жетишпей турганын билдирди.

Чыңгыз Эсенгулов
Чыңгыз Эсенгулов

“Бул иштерди жүргүзүү үчүн адистердин жана эксперттердин ичинен кошумча штаттык бирдиктер, ошондой эле тиешелүү каржылоо, анын ичинде зарыл болгон техникалык жабдууларды сатып алуу талап кылынат. Министрликтин Маалыматтык саясат башкармалыгында тогуз адис иштейт. Мындан тышкары, бул башкармалыкта маалымат мейкиндигин көзөмөлдөө жана ага талдоо жүргүзүү үчүн тийиштүү техникалык жабдуулар жана адистер жок”.

Чыңгыз Эсенгулов буга байланыштуу коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасын эске алуу менен Санарип министрлигине караштуу Байланыш жаатын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын базасында маалыматтык мейкиндикке байкоо жана талдоо жүргүзүү бөлүмүн түзүү натыйжалуу болорун айтат.

“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга мамлекет башчысы 2021-жылдын 23-августунда кол койгон. Ага чейин долбоор коомдун кызуу талкуусуна түшкөн.

Мыйзамга ылайык, Министрлер кабинети "жалган же анык эмес маалымат" тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап кое алат. Социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарды да бөгөттөөгө укуктуу. Бул чаралар маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүргөн учурда колдонулары айтылган.

“Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамы тууралуу кеңири анализдерин жарыялап келе жаткан “Медиа полиси” инстутутунун юристти Нурбек Сыдыков жарым жылдан бери мыйзамдын иштебей жатышын анын чийки жазылганы менен түшүндүрдү.

Нурбек Сыдыков
Нурбек Сыдыков

“Бул маселе боюнча “Кактус медианын” өкүлдөрү ноябрь айында Маданият министрлиги менен жолуккан. Министрлик мыйзамды ишке киргизүүнүн жолдору иштелип чыгып жатат деп айткан. Бул мыйзам туура эмес жазылганын башынан эле айтып келебиз. Мыйзамды ишке ашырууга административдик ресурс жетпейт. Маалыматты жалган деп тапчу административдик орган көз карандысыз эмес орган. Ошондуктан бийликке карата сын пикир айтылганда аны бейтарап чечүү кыйын”.

Мыйзам кимге иштейт?

Мыйзамга каршы чыккан жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер мыйзам жалган маалымат менен күрөшүүгө эмес, бийликке жакпаган маалыматтар менен күрөшүү үчүн жазылганын белгилешкен.

26-январдагы Жогорку Кеңештин тармактын комитетинде мыйзамды иштетүүнү талап кылган депутаттардын бири Алишер Козуев бул жалпыга иштебей жатканын айткан.

“Кайсы бир оппозициялык саясатчы же башка адам жазып чыкса, силер кызыксаңар таап чыгасыңар. Бирок бул жалпыга иштебей жатат. Чала блогер же чала журналист адамдын кадырына шек келтире турган, туура эмес жалган маалыматтарды чыгарып жатат. Ушуга кайсы бир деңгээлде чечим кабыл алынабы?”.

Бул мыйзам кабыл алынып жатканда жергиликтүү жарандык активисттерден тышкары бир катар эл аралык уюмдар камтамасын билдирип, президентти ага кол койбоого чакырышкан. Эл аралык абройлуу Human Rights Watch укук коргоо уюму президентти Садыр Жапаровду сөз болуп жаткан мыйзамга вето коюуга үндөгөн.

Анткен менен мыйзамдын авторлору сөз эркиндиги кысымга учурайт деген коркутуулар орунсуз экенин, мыйзам адамдын кадыр-баркын коргоого гана багытталганын жүйө келтиришкен.

Жаңы технологиялардын чыгышы жана социалдык тармактын кеңири жайылышы менен Кыргызстанда гана эмес дүйнө жүзүндө фейктер менен күрөшүү маселеси актуалдуу болуп чыга келди.

Кыргызстанда айрыкча шайлоо мезгилинде саясий күчтөр социалдык тармактарда каршылашын сындап, "кожоюнун" мактап-жактаган троллдор фабрикасын колдонору жаңылык деле болбой калган.

Акыркы жумада иликтөөлөрдү чыгарган Temirov LIVE каналынын кызматкерлерин каралган материалдар социалдык тармактарга жайылууда.

“Политклиника” гезитинин башкы редактору Дилбар Алимова бийлик "адамдын кадыр-баркына шек келтирген маалыматтар менен күрөшүүдө кош стандарт мамиле жасайт" деген сөздү четке кагуу үчүн Temirov LIVE каналынын кызматкерлери тууралуу видеолорду чыгарган баракчаларды жүргүзгөн адамдарды табышы керек дейт.

Дилбар Алимова
Дилбар Алимова

“Тилекке каршы, акыркы учурда иликтөөчү журналист Болот Темиров жана анын командасын болуп көрбөгөндөй ыплас каралоо жүрүп жатат. Муну реалдуу аккаунттар эмес, фейктер кылууда. Ал аккаунттарга анализ кылып көрсөк, буга чейин дагы бийликти сындаган адамдарды каршы аракеттер болуп келгенин көрүүгө болот. Алардын табылбай жатканына бийлик кызыкдар болушу мүмкүн. Анткени буга чейин бийликке каршы сөз айткан фейк аккаунттарды таап, кечирим сураткан учурлар болгон. Эгер бийлик кызыкдар болсо аларды таап чыксын”.

Бул мыйзам мурдагы президенттердин тушунда да демилгеленип, бирок кол коюлбай келген. 2020-жылы парламент кабыл алган мыйзам долбоорун нааразычылык акцияларынан кийин ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков артка кайтарган. 2020-жылдын күзүндө бийлик алмашкандан кийин мыйзам долбоору кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жарандык коомго асылган фейктер

Фейктер же троллдор - социалдык тармактарда атайлап жалган, акылга сыйбаган же мазмунга тиешеси жок билдирүүлөрдү жайгаштырган активдүү аккаунттар. Алардын көбү кайсы бир топту же саясатчыны колдоп, идеясын жайылтат. Оппоненттерди каралап, далилсиз айыптарды коюшат.

Кыргызстанда фейк аккаунттарды иштеткен блогер же журналисттер негизинен саясатчыларга иштей турганы айтылып келет. Алардын иши айрыкча шайлоо учурунда кызып, негизинен талапкердин атаандаштарын каралоо менен алектенерин бир катар иликтөөлөр көргөзгөн.

2019-2020-жылдары ошол кездеги бийликке жана анын айланасындагы таасирдүү чиновниктерге иштеген фейк аккаунттар аркылуу жарандык коомдун өкүлдөрүнө, журналисттерге асылып, каралоо күч алган.

2021-жылы январь айында Facebook компаниясы Кыргызстанда жалган маалыматтарды таркаткан жүздөгөн аккаунттарды жапканын билдирген.

Компания түшүндүргөндөй, медиа-консталтингдерде мурда-кийин иштегендерге байланышы бар, өлкөнүн ички аудиториясына багытталган Facebook социалдык тармагындагы 193 аккаунт, 246 баракча, 50 топ жана "Инстаграмдагы" 30 аккаунтту камтыган түйүн жок кылынган

Андан тышкары негизинен саясий партияларга байланыштуу маалыматтардын мазмунуна комментарий берип, жаңылыктарга багытталган баракчаларга билдирүүлөрдү жарыялап келген түйүн өчүрүлгөн. Ага "Фейсбуктагы" 92 аккаунт, 11 топ, төрт баракча жана "Инстаграмдагы" 30 аккаунт кирген.

Ошондой эле Facebook өз иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен "Медиа центр" деген медиакомпанияга жана мурда-кийин маалымат каражаттарында, өкмөттө иштеген адамдарга тийиштүү түйүндү да жок кылган. Ага "Фейсбуктагы" 121 аккаунт, 46 баракча, жети топ жана "Инстаграмдагы" 30 аккаунт камтылган. Бул аккаунттар былтыркы парламенттик жана 2021-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо өнөктүктөрүнүн маалында бир канча саясий тарапка иштеген.

Facebook компаниясы ушул эле баяндамасында Кыргызстандан башка Иран, Украина, Марокко, Казакстан, Аргентина, Бразилия, Индонезия жана Орусия өлкөлөрүндөгү жалган маалымат тараткан жүздөгөн аккаунттарды өчүргөнүн билдирген.

Журналист менен акындын кармалышы сөз эркиндигине басымбы?

Журналист менен акындын кармалышы сөз эркиндигине басымбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:48:55 0:00

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG