Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 02:05

Болот Темиров: Биз факты аркылуу гана жалганды жеңе алабыз


Болот Темиров.

Кыргызстанда маалыматтарды ыкчам чогултууга шарт түзгөн teskep.com аталган сайт иштеп баштады. Сайттан каалоочулар ишканалар, фирмалар жеке жарандар, бизнеске байланышкан маалыматтарды ала алышат.

Бул тууралуу сайттын негиздөөчүсү журналисттик бир катар иликтөөлөрдүн автору Болот Темиров менен маектештик.

- Болот мырза, жаңы эле ишке кирген teskep.com платформасы журналисттик иликтөөлөрдө маалымат алуу, чогултуу ишин канчалык жеңилдете алат?

- Биз топтогон тажрыйбаны – маалымат издөө, коррупция, тендердеги мыйзам бузууларды таап чыккан тажрыйбабыздын баарын бириктирип, программисттер менен ушул сайтты ачтык. Мунун негизги максаты - журналисттик иликтөөгө деле эмес, Кыргызстанда бизнестин ачык-айкындуулугуна жардам берет. Бизнесте алдамчылык же башка ар кандай алешемдиктер болот. Келишим түзөөрдөн мурун бир аз болсо дагы мамлекеттик же башка булактардан маалыматтарды teskep аркылуу текшерсе болот. Маалыматтар бир жерге топтолот. Андан сырткары журналисттер, жөнөкөй кишилер үчүн деле маалымат алганга, ар бир адам сайтка кирип, фирмабы, жеке тарап болобу, ошолор боюнча маалымат топтоп, өзүнчө иликтесе болот. Сайттан оңой жана бат маалымат алганга шарт түздүк. Маселен, кайсы бир фирманын атын жазса, беш секунд ичинде маалыматты топтоп берет.

Кыргызстанда маалыматтарды ыкчам чогултууга шарт түзгөн teskep.com аталган сайт иштеп баштады.
Кыргызстанда маалыматтарды ыкчам чогултууга шарт түзгөн teskep.com аталган сайт иштеп баштады.

- Ошондо азыр сиздердин сайтка канча маалыматтык база кирди?

- Азыр башында 18-20 булактан топтолгон маалыматтар менен баштадык. Бирок келечекте 60тай булактан топтогонго аракет кылабыз.

- Буга чейин силердин команда ачык булактардан, көбүнесе социалдык тармактар аркылуу видео, фотолорду салыштырып, бир катар иликтөөлөрдү жарыялап келди. IT тармагындагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтканда, биздеги маалымат базалары канчалык жетиштүү жана ачык. Айталы, ошол эле тендер өткөрүү болобу же кен иштеткен компаниялар дейбизби.

-Тилекке каршы, бизге караганда Орусия жана Казакстанда ачык маалымат базалары көбүрөөк. Бизде деле бар, ошол эле Өзбекстанга, Тажикстанга салыштырганда бизде ачык булактарда маалыматтар көп. Негизи бизде мекемелердин сайты ачылат. Айталы, Жогорку соттун сайтын алалы. Бул жакка сот чечимдери чыгарылышы керек эле. Бирок 13% эле сот чечимдери чыгып жатат. Муну адамдык фактордон улам деп түшүнөм. Балким, кол жетпей жатабы же башка негиздер менен маалыматты киргизбей жатышат. Эми аз-аздан ачык булактарга чыгып жатат. Мисалы, Юстиция министрлиги жакшы эле ачып жатат. Ал жерде бир аз эле кемчиликтер бар. Кээде эски маалыматар болуп калат. Башка сайттарда, мамлекеттик ишканалар тендерлерди чыгарат го, ал жерде издөө системасы өтө татаал. Биз ошол маалыматтарды ыңгайлуу кылып, оңой тапканга ылайыкташтырдык. Биз башка өлкөлөрдөгү ушул сыяктуу сайттарды дагы карап чыкканбыз. Казакстанда 3-4 ушундай сайт бар. Орусияда болсо, миңдей экен. Биз бардык ачык булактарды бириктиргенге аракет кылдык.

- Акыркы жылдары Кыргызстанда журналисттик иликтөөлөр бир топ жылыш жасап жатканын көрүп жатабыз. Бирок бул жерде жеке коопсуздук маселеси бар. Өзүңүз дагы кол салууга кабылган учур болду. Кыргызстанда масштабдуу журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүүдөгү тоскоолдуктар тууралуу айтканда, кайсы жагдайларды атайт элеңиз?

- Коркунуч бар. Ошого карабастан биз алдыга жылып жатабыз. “ФактЧекте” иштеп жатканда биздин сайтка DDoS чабуулдарды жасап, жапканга аракет кылышкан. Бир топ окуяны баштан өткөрдүк. Реалдуу төртүнчү бийлик болгонго мүмкүнчүлүгүбүз бар. Ал үчүн өнүгүп, үйрөнүп, кесипкөйлүктү арттыруубуз зарыл.

- Кыргызстанда “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынбадыбы. Мунун өзү журналисттик иликтөөлөргө, интернет сайттарга кандай таасир этет деп ойлойсуз?

- Ишке кирсе, бул мыйзам бизге бир топ кыйынчылык жаратат. Мурда иликтөө үчүн топтолгон маалыматтардын жалган же чын экени сот чечими тарабынан аныкталчу. Азыр болсо, ошол эле бир орган өзү жеке чечими менен сайттарга бөгөт коёт да. Бийликке ушундай чоң мүмкүнчүлүк берилди.

- Кыргызстанда фейк маалыматтардын коомго таасири канчалык? Маселен, алдыда Кыргызстан чоң саясий өнөктүк - парламенттик шайлоо өткөрөт эмеспи.

-Таасири абдан чоң. Көптөр бурмаланган маалыматтарга ишенет. Социалдык тармактарда шайлоо убагында фейк маалыматтар көбөйөт. Муну колдонуп келишкен. Мониторинг кылганда, мурунку шайлоолордо акыркы аптада эң жаман, жалган маалыматтарды ыргытканга аракет кылышканы байкалган. “ФактЧекте” иштеп жүргөнүмдө фейк маалыматтарды ачыкка чыгарганга аракет кылдык. Кийин бул ишти "Temirov LIVE" каналын ачып, дагы уланттык. Албетте, бир топ жыйынтык берди. Биздин көрөрмандар буга маани берип, маалыматты тактоого көңүл бура баштады. Бул чоң жеңиш. Биз факт аркылуу гана жалганды жеңе алабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG