Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 13:30

Шохрух: Агамдын өлүмүнүн бети ачылбай калды


Алишер Саипов жана "Фергана.ру" агенттигинин негиздөөчүсү Даниил Кислов.

Белгилүү журналист Алишер Саипов өлтүрүлгөндөн бери 14 жыл өттү. Кылмыштын бети ушул күнгө чейин ачылган жок. Маркумдун жакындары "Алишер Саипов атындагы фонд" түзүп, жаш журналисттерге сыйлык уюштурууну көздөп жатышат. Саиповду 2007-жылы 24-октябрда белгисиз адамдар Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө атып кетишкен. Окуя эл көп жерде, кечки саат жетиде болгон.

Журналистти аткан эки адамдын сүрөтүн жергиликтүү кишилер чөнтөк телефонго тартып алууга үлгүрүп, аларды күбөлөр да тастыкташкан. Расмий билдирүүдө сүрөттөгү шектүү деген адамдар Кыргызстандын жараны эмес экени да айтылган. Ошол кездеги бийлик Саиповдун өлүмүн журналисттик ишмердиги менен байланыштырган.

2009-жылы мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев журналистке ок атылган тапанчанын ээсинин аты-жөнү такталганын, ал террордук топтун мүчөсү экенин билдирген. 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин Алишердин өлүмү үчүн айыпталып 20 жылга соттолгон жаран күнөөсүз экени далилденген.

Токтотулган кылмыш иши 2019-жылы кайра жанданган. Бирок ушул күнгө чейин кылмышкер да, ага буйрук бергендер да табылбай келүүдө. Алишердин иниси Шохрух Саипов“Азаттыкка” маек куруп, агасын эскерди.

Шохрух Саипов
Шохрух Саипов

- Алишер акемди атып кетишкенден бери 14 жыл өттү. Андан бери Кыргызстанда, Борбор Азияда, дегеле дүйнөдө кыйла өзгөрүүлөр болду. Бирок биздин үй-бүлөдө Алишер акемдин орду дайыма билинип турат. Анын коомчулукта, саясий чөйрөдө, журналисттердин арасында жоктугу көңүлдү кейитет. Быйыл 41 жашка толмок.

- Алишердин өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишин иликтөө 2019-жылы кайра жанданган. Андан бери эмне өзгөрдү? Кылмышкерди аныктоого илинчек табылдыбы?

-2019-жылы жаңы кабыл алынган Кылмыш-жаза кодексинин алкагында Алишер акемдин өлүмүнө байланыштуу иш кайра ачылган. Бирок арадан эки жыл өттү. Тергөө, сурак иштери болбогондой. Мен кабарсызмын, бизге маалымат бериле элек. Азыркы бийлик дагы мурдагылар сыяктуу бул кылмыштын бетин ачууга кызыкдар эместей туюлат. Жакын арада же кайсы бир мөөнөттөн кийин бул иштин бети ачылып, күнөөлүүлөр жазаланат деп ишенебиз.

- Бул иште Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун тушундагы коопсуздук кызматынын колу бар деген божомол айтылып жүрөт. Кылмыштын бетин ачуу саясатка гана байланыштуу деп ойлойсузбу?

- Ооба, ошондой божомол айтылып жүрөт. Биздин үй-бүлөбүз бул кылмышты жасоого Каримовдун түздөн түз тапшырмасы болбосо да, тиешеси бар деп ойлойбуз. Бул боюнча маалыматтар да да бар. Бирок бир тууганымдын өлүмүнө ушул күнгө чейин саясий баа берилбейт. Кыргызстандын да, Өзбекстандын да коопсуздук органдары ачык маалыматтарды айтышпайт. Кыргызстандын күч органдарында иштегендер мурда “Алишер Саиповдун өлүмүнө кошуна мамлекеттердин тиешеси бар” деген сыяктуу сөздөрдү айтышкан. Бирок далилдүү ачык маалыматтар берилген эмес. Азыр Каримов дагы, байкем дагы бул дүйнөдө жок. Кыргызстандын да, Өзбекстандын да жаңы бийликтери бул кылмыштын бетин ачууга кызыкдарбы же жокпу, суроо бойдон турат.

Алишер жөнүндө бир туугандары чыгарган китеп.
Алишер жөнүндө бир туугандары чыгарган китеп.

- Алишердин ысымы эл аралык деңгээлде журналистикадагы каарман катары сыпатталып келет. Сиз агаңыздын изинен кетүүнү максат кылгансыз. Алишер үлгүрбөгөн темаларды чагылдырып жатасызбы? Деги бир тууганыңыздын изинен баруунун түйшүгү кандай болууда?

- Байкем өз убагында курч темаларды көтөрүп, Кыргызстандагы, Өзбекстандагы, деги Борбор Азиядагы саясий, динге жазган макалалары резонанс жаратчу. Ал ошол учурларда чагылдыруу зарыл болгон бардык темаларда жазган. Ошондуктан, кайсы бир темада макала кылууга үлгүрбөй калды десем, туура эмес болуп калат. Анын макалалары калыс жана эксклюзив болчу. Карапайым кишиден тартып мамлекет башчысына чейин бирдей мамиле жасап, журналистиканын эл аралык стандарттарын так сактап иштеген. Мен Алишер акемдин деңгээлиндеги журналист боло албайм, бул чындык. Анын деңгээли башка болчу.

Алишер Саипов колдонгон техникалар. Сүрөт анын үй-музейинен тартылган.
Алишер Саипов колдонгон техникалар. Сүрөт анын үй-музейинен тартылган.

- Оштогу үйүңөрдөгү бир бөлмөгө Алишер колдонгон буюмдарды, анын кийимдерин коюп, үй музей кылып койгон элеңер. Мындан төрт жыл мурун барганда көргөм. Аны атып кеткен учурдагы кийими да ошол музейге коюлган. Журналисттер барып турабы? Деги, ошол үй музейдин дагы да кеңейтүү же Алишердин атын жаш кабарчыларга таанытуу жаатында башка пландар жокпу?

- Ал музейди Алишер акемди атып кетишкенден кийин 10 жыл өткөндө ачканбыз. Үйдө эскерүү иш-чарасын уюштуруп, ал жөнүндө фильм да тартылган. Андан бери ошол бөлмө музей бойдон турат. Жергиликтүү жана чет элдик журналисттер келип турушат. Музейге коюлган буюмдары анын кандай адам болгонун, кантип иштегенин көрсөтүп турат.

2022-жылы бир тууганымдын бул дүйнөдөн кеткенине 15 жыл толот. Буюрса, “Алишер Саипов атындагы фонд” ачып, жаш журналисттерге сыйлык берип турууну көздөп жатабыз. Ал өзбек тектүү журналист катары Кыргызстандагы эркин медианын өнүгүшүнө салым кошконун жеткирип туруу – биздин милдет.

P.S.: Журналисттин өмүрү 26 жашында кыйылып, артында кызы менен жубайы калган. Алишер Саиповдун ысымы Вашингтондогу "Ньюс Музеймдин" дүйнө жүзүндө кызмат учурунда курман болгон журналисттерди эскерүү тактасына жазылган.
Алишер Саипов "Америка добушу" радиосунда, "Азаттык" радиосунун өзбек кызматында, "Фергана.ру" маалымат агенттигинде, "Демос-таймс" жана өзү негиздеген "Сиёсат" гезитинде иштеген.

"Азаттыктын" архиви: Алишер Саиповдун сыры ачылбаган өлүмү. 24-октябрь, 2017-жыл.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG