Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Журналист Саиповго Сахаров ордени берилди


Алишар Саипов.
Алишар Саипов.

31-январда Москвада адамдардын укуктары жана негизги эркиндиги үчүн күрөшкөн журналисттер менен коомдук ишмерлерге Сахаров атындагы сыйлык тапшырылды. Алардын ичинде маркум журналист Алишер Саиповго "Эрдик үчүн" ордени ыйгарылды.

Ачык коомду колдогон, советтик диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлык Орусияда 2001-жылдан бери ыйгарылып келатат.

Ал сөз эркиндиги, айкындуулук, адам укуктары жана негизги эркиндик үчүн зор салым кошкон журналисттерге жана коомдук ишмерлерге берилет.

«Журналистика – эрдик» деп аталган сыйлык бул жолу жазуучу Полина Жеребцовага, коомдук ишмер Борис Вишневскийге, журналисттер Зоя Цветовага, Андрей Пионтковскийге жана Елена Костюченкого тапшырылды.

Андан тышкары, «Эрдик үчүн» ордени журналисттик ишмердүүлүгүнөн улам каза болгон Анна Политковская, Юрий Щекочихин, Игорь Домников, Наталья Эстемирова, Анастасия Бабурова, Дмитрий Холодов, Михаил Бекетов, Пол Хлебников, Николай Андрущенко, Павел Шеремет, Георгий Гонгадзе баш болгон 30 журналистке ыйгарылды.

Алардын катарында 2007-жылы Ошто белгисиз бирөөлөр атып кеткен журналист Алишер Саипов да бар.

Алишер Саипов "Voice of Ameriсa", "RFE/RL-Ozodlik", BBC, "Mashhad" радиолору, "Фергана.Ру" маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан саясий, диний, коопсуздук, адам укуктары багытындагы окуяларды талдап, чагылдырган. Ошондой эле өзбек тилиндеги "Сиёсат" гезитин негиздеп, ал Кыргызстанга жана Өзбекстанга таркатылып турган.

Журналист 26 жашында каза болгон. Кылмыштын бети эмгиче ачыла элек.

Алишер Саиповдун апасы, кызы жана иниси журналистти эскерүү иш-чарасында. 2017-жыл.
Алишер Саиповдун апасы, кызы жана иниси журналистти эскерүү иш-чарасында. 2017-жыл.

Туугандарынын атынан Алишер Саиповдун сыйлыгын алган «Фергана» басылмасынын негиздөөчүсү Даниил Кислов кесиптеши тууралуу эскерди:

- Алишер менен Кыргызстанда 2005-жылы төңкөрүш болгондо бирге иштегенбиз. Ал улуттардын көйгөйлөрү, адам укуктарынын бузулушу жөнүндө көп жазчу. Ал 2007-жылы октябрда өлтүрүлдү. Бирок кылмыштын бети азыркыга чейин ачылбай келет. Биз Алишер Өзбекстандын бийлигинин курмандыгы болгон, ошолор атайын киши жалдап өлтүрткөн деп эсептейбиз. Анткени Алишердин Өзбекстандын саясий оппозициясы менен байланышы болгон. Биз үчүн Алишерге Сахаровдун ордени берилгени сыймык, ошол эле маалда бул күйүттүү. Мен маалымат каражаттарына, редакциялык жамааттарга журналисттерин жоготуп, алардын ордуна орден алууну эч качан каалайбайм.

Андрей Сахаров атындагы «Эрдик үчүн» ордени.
Андрей Сахаров атындагы «Эрдик үчүн» ордени.

«Эрдик үчүн» ордени 2015-жылы Кремлдин алдында атылып өлтүрүлгөн оппозиционер Борис Немцовго жана он жылдан ашык абакка жатып чыккан олигарх Михаил Ходорковскийге да ыйгарылды.

Ал эми ушу тапта Москвадагы мигранттарды камоочу жайда жаткан «Новая газета» басылмасынын журналисти Али Феруздун орденин апасы Зоя алды.

Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка татыктууларды Адабият боюнча Нобель сыйлыгынын талапкери Светлана Алексиевич, жазуучу Владимир Войнович, саясатчы Лилия Шевцова сыяктуу калыстар тобуна кирген белгилүү коомдук ишмерлер аныктайт.

Калыстар тобунун билдирүүсүндө «балким, сөз эркиндиги - адам өмүрүнө тете жалгыз нерсе болуш керек, бул дүйнөдө андан башка баалуу эч нерсе жок» деп жазылган.

Мурунтан сыйлык орусиялык гана журналисттерге жана коомдук ишмерлерге берилчү. Быйыл сыйлыкка маркум Алишер Саиповдон тышкары, Өзбекстандан Хаётхан Насреддинов жана Казакстандан Сейтказы Матаев татыды.

Казакстандын Журналисттер союзунун жетекчиси Сейтказы Матаев 2016-жылы "мамлекеттик мүлктү уурдаган" деп айыпталып, алты жылга эркинен ажыратылган. Былтыр жыл аягында ал шарттуу бошотулган.

Блогер жана укук коргоочу Хаётхан Насреддиновду былтыр октябрда Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматы камакка алган. Экономика илимдеринин доктору мектептеги сабактарынан тышкары өлкөдөгү банк системасы тууралуу сын макалаларды жазып жүргөн. Ошондой эле «Азаттыктын» өзбек кызматы жана «Фергана» басылмасы менен бир топ жыл кызматташып келген. Анын камакка алынгандан кийинки тагдыры белгисиз.

Сахаров сыйлыгын 1988-жылы Европарламент негиздеген. Суутек бомбасынын «атасы» катары белгилүү орус физиги А.Сахаров советтик режимди катуу сындап, саясий куугунтукка кабылгандардын укугун коргоо үчүн күрөшкөн. Ал Нобел сыйлыгынын ээси.

"Азаттыктын" архиви: Алишер Саипов тууралуу тасма
Алишер Саиповдун сыры ачылбаган өлүмү
please wait

No media source currently available

0:00 0:26:30 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG