Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:51

Алишер агам тирүү болгондо…


24-октябрда бир тууган байкем, журналист Алишер Саиповду Ошто белгисиз бирөөлөр атып кеткенине туура алты жыл толду.

Алишерди 2007-жылдын 24-октябрында кечки саат жети чамасында Ош шаарындагы Масалиев проспектисинде өзү түптөп башкарган "Саясат" гезитинин кеңсесинин жанында белгисиз канкорлор атып кеткен. Бул биздин үй-бүлө үчүн чоң жоготуу болду.

Борбор Азияда "Демократия аралчасы" деп айтылган Кыргызстанда болгон бул үрөй учурган окуяны кимдер жана кандай максатта жүзөгө ашырганы бир топ суроолорду пайда кылды.

Алишер өзүнүн макалаларында Кыргызстандагы, ошондой эле коңшу Өзбекстандагы курч маселелерди чагылдырып келген. 2005-жылдын 24-мартында Кыргызстанда болгон революцияны, ошол эле жылы май айында Өзбекстандын Анжиян шаарында болгон окуяларды жеринен туруп, эл аралык массалык маалымат каражаттарына жарыялап турган.

Укук коргоо органдары агамдын киши колдуу өлүмүнүн себептерин түрдүү версиялар менен байланыштырса, 2009-жылдын күзүндө анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырган эле. Бул буюртма өлтүрүүнүн изи коңшу Өзбекстанга такаларын кыргыз тартип коргоо органдары четке каккан эмес.

Ошол кездеги өлкө президенти Курманбек Бакиев бул ишти өз көзөмөлүнө алганына карабастан чыныгы кылмышкер табылган жок. 2010-жылдын 7-апрелинде болгон элдик революция менен бийликке келген аткаминерлер да бул иш калыс тергелип, адилеттүүлүктү орнотууга чама-чаркы жетпегендей. Кыргызстан коңшу Өзбекстан менен ансыз дагы салкын мамилесин андан да солгундатып албайлы деген чочулоосу болуп жаткандыр деген ой келет.

Байкем атылганда анын жанында жүргөн жалгыз күбө андан берки алты жыл ичинде өткөн сот процесстерине болгону бир жолу катышып, маанилүү бир сөз айткан жок.

Журналист катары курч маселелерди чагылдырып, элге калыс маалымат тараткан, өз кесибине берилген агамдын көзү өткөндөн кийин кандай гана нерселер жазылбады! Кимдир бирөөлөр Алишердин кесипкөйлүгүн бааласа, кимдир бирөөлөр каралады. Өткөн алты жылда байкемдин чыныгы достору айкын болду.

Университетте окуп жүргөн кезинен тарта "Америка добушу", "Озодлик", Би-Би-Си, Ирандын "Мешхед" радиолору, "Фергана.Ру" маалымат агенттиги менен кызматташып, Фергана өрөөнүндө болуп жаткан окуяларды калыстык менен берип турган. 25 жашында "Саясат" гезитин чыгарып, ал кыска убакытта өз окурмандарын таап, алтургай коңшу Өзбекстанга тараган.

Жакындары Алишерге "чындыкка жете албайсың" десе, байкем: "Ар бир адамдын коомдо өз орду бар. Эгер мен журналист катары акыйкатсыздыкты көрүп, билип туруп унчукпай койсом, мен да күнөөлүү болом" деп жооп берчү.

Эгер агам тирүү болгондо соңку беш жылда мекенибизде болгон өзгөрүүлөрдү, адам укуктарынын бузулушу, адилетсиздик, коррупция, Апрель окуялары, Ош менен Жалал-Абаддагы кандуу улут аралык араздашууну жүрөгү аркылуу өткөрүп, чындыкты чыркыратып жазаар эле...

Алишер болгону 26 жыл гана өмүр сүрүп, кыска жашоосунда калыстыкты, чындыкты жана айкындыкты үйрөтүп кетти.


Атасы айосуз атылганда эки айлык кезинде калган ымыркайы Зулайхо азыр алты жашка чыгып, быйыл биринчи класска барды. Атасына окшоп терең ойлуу, кичине болсо дагы мүнөзүн көрсөткөн зирек кыз. Ал эми биздин тилек – агамдын үй-бүлөсүн эч нерседен кем кылбай, Зулайхону атасынын кыялындагыдай инсан кылып тарбиялоо.

Шохрух Саипов
XS
SM
MD
LG