Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Ташиев: Болот Темировду сотко берип, куугунтуктайын деген оюм жок


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы жана анын Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналына чыккан соңку иликтөөсү боюнча 23-январда маалымат жыйында комментарий берди. Ал Темировдун кармалуусуна анын иликтөө материалдарынын тиешеси жоктугун билдирди. Ошондой эле журналистти сотко берип, куугунтуктайын деген ою жок экенин кошумчалады.

"20 жыл саясатта жүргөн убагымда бир дагы журналистти сотко берген эмес экенмин. Туура эмес маалыматты жазышат, кээде ката кетиришет, маалыматтары так болбой калат. Ошондо деле "эмнеге туура эмес маалыматты туура эмес жаздың" деп журналист менен талашып-тартышып, сотко берген учурум болгон эмес. Ошондуктан бул каналдын бул иликтөөсү иликтөө эмес, ал жалган жалаа. Керектүү уюмдар, керектүү адамдар аны сотко берип, ар-намысын коргоп алат деген ойдомун. Мен өзүм аны сотко берип, артынан түшүп, куугунтуктайын деген деле оюм жок. Журналисттин кайсы бир маалыматы үчүн анын артынан түшүү бизге абийир, жакшылык алып келбейт, маанилүү эмес. Андан маанилүү көптөгөн маселелерди аткарууга милдеттүүбүз. Убактыбызды майда-чүйдө, журналисттерге жооп берүү, же жалган маалыматтарды төгүндөөгө кетирбейбиз", - деди УКМК төрагасы Ташиев.

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Ал иликтөөдө көрсөтүлгөндөй, Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын жетектеген. Журналисттер эл аралык OCCRP уюмунун жардамы менен "Регион ойл" компаниясынын экспорттук операциялары тууралуу документтерди алышкан. Документтерге ылайык, аталган ишкана мазутту Ташиевдин жээни жетектеген "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасына экспорттойт.

"Жөнөкөй эсептөөлөрдү жүргүзүп, 37 млн сом айырма алабыз. Башкача айтканда, ортомчу компания мамлекеттик заводдун продукциясын экспорттоо менен киреше табат – бул эки күндүн ичинде", - деп айтылат иликтөөдө.

Кийин "Регион ойл" компаниясынын жетекчиси Назгүл Айдарова ишкананын УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсү менен байланышы бар экенин четке каккан.

Ташиев 23-январда маалымат жыйында мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айтып, иликтөөдө айтылган маселелер ошол жерде ишкерлердин жумуштары экенин билдирди. Ал жерде ондогон компания иштей турганын, алар мындан кийин дагы ишин уланта берерин кошумчалады. Ошондой эле журналисттерди ошол жерге барып, көрүп келүүгө чакырды.


22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирди. Ага чейин журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Аны түндө Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн күч кызматкерлеринин коштоосунда алып барышкан. Ал маңзатка тапшырган анализдери таза чыкканын "Азаттыктын" журналистине айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат 23-январда берилерин билдирген. Азырынча расмий маалымат айтыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG