Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:26

Хелсинки комитети: бийлик Темировго маңзат атайылап ташталган деген маалыматты иликтеши зарыл


Болот Темировдун кеңсесинде тинтүү жүрүп жаткан учур. 22-январь, 2022-жыл.
Болот Темировдун кеңсесинде тинтүү жүрүп жаткан учур. 22-январь, 2022-жыл.

Норвегиянын Хелсинки комитети кыргыз бийлигин иликтөөчү журналист Болот Темировду тинтүү маалында ага атайылап маңзат ташталган деген маалыматты тыкыр иликтөөгө чакырды.

Бул тууралуу укук коргоочу уюм "Твиттердеги" баракчасына жазды.

"Жогорку жетекчилик арасындагы жемкорлукту иликтеген журналисттерди куугунтуктап жатышат деген божомолдордун алдын алуу үчүн Кыргызстан бийлиги Болот Темировго милиция маңзатты атайылап салып койду деген маалыматты тезирээк жана тыкыр текшериши керек", -деп жазылат билдирүүдө.

22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирди. Ага чейин журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Аны түндө Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн күч кызматкерлеринин коштоосунда алып барышкан. Ал маңзатка тапшырган анализдери таза чыкканын "Азаттыктын" журналистине айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат эртең берилерин билдирди.

Журналист өзү кармалышын жакында эле чыгарган иликтөөсүнө байланыштырып жатат. Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына "Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп" деп жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG