Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Темировдон Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлдөрү кабар алды


Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлү Бакыт Рысбеков. 22-январь, 2022-жыл. Бишкек.
Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлү Бакыт Рысбеков. 22-январь, 2022-жыл. Бишкек.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун өкүлү Бакыт Рысбеков Бишкек шаардык милициясында кармалып турган иликтөөчү журналист Болот Темировго жолугуп чыкты.

"Темировдун айтымында, укук коргоо органдары тарабынан кыйноо, орой мамиле болгон жок. Мен анын дене башын карап чыктым. Зомбулуктун белгилери байкалган жок", - деди Рысбеков.

Ал ошондой эле Темиров кармалган жети сааттан бери медициналык күбөлөндүрүү чаралары болгонун, учурда сурак жүрүп жатканын кошумчалады. Рысбеков Темировдун абалынан тынымсыз кабар алып турарын, муктаждык жаралса дагы жолугарын билдирди.

22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирди. Ага чейин журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Аны түндө Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн күч кызматкерлеринин коштоосунда алып барышкан. Ал маңзатка тапшырган анализдери таза чыкканын "Азаттыктын" журналистине айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат эртең берилерин билдирди.

Журналист өзү кармалышын жакында эле чыгарган иликтөөсүнө байланыштырып жатат. Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына "Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп" деп жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG