Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:38

Текебаев: мага да бир кезде атайлап маңзат салып коюшкан


"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев.
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев.

"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев иликтөөчү журналист Болот Темировдун кармалышы боюнча «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жазып, журналисттердин оозун жабуу мүмкүн эмес экенин белгиледи.

Саясий ишмер ошондой эле өз башынан өткөн «матрешка-гейт» окуясын да эске салды:

«Бир кезде, 2006-жылы мага да атайылап маңзат салып кетишкен. Ал иш «матрешка-гейт» деген ат менен белгилүү. Мага оңдой берди болуп аэропорттогу камераларга кантип менин чемоданыма салып жатышканы түшүп калган. Ошол кезде эркин Жогорку Кеңеш баарын ачык көрсөткөн. Андан тышкары Польша соту муну "жасалма жана оппозициячыл саясатчыны куугунтуктоо" деп тапкан. Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров анда депутаттар эле, ал окуяны жакшы билишет» - деген Текебаев бийликти эскилердин каталарын кайталабоого чакырды.

22-январда күч органдары Болот Темировдун Бишкектеги кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап [белгисиз затты] салып коюшту" деп айтууга үлгүргөн.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирди. Ага чейин журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, үстүнөн басып отурушканын, анан арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Журналистти түн ортосунда Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн алып барышкан. Ал маңзатка тапшырган анализдери таза чыкканын "Азаттыктын" журналистине айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат эртең берилерин билдирди.

Журналист өзү кармалышын жакында эле чыгарган иликтөөсүнө байланыштырып жатат. Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев «Фейсбуктагы» баракчасына "Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп" деп жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG