Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Болот Темиров өзүнө каршы чагым болгонун билдирди


Болот Темиров.
Болот Темиров.

22-январда күч органдары кармап кеткен иликтөөчү журналист Болот Темиров милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүрдү.

Анын алдында адвокат Нурбек Токтакунов Темировдүн үстүнөн "кимдир-бирөөдөн милицияга арыз түштү" деп түшүндүрүшкөнүн айткан. Темиров менен бирге тинтүү учурунда кеңседе болгон журналисттердин айтымында, күч кызматкерлери имаратка кирип келип, ал жердегилердин баарын жерге жаткырып, иликтөөчү журналисттин чөнтөгүнөн "белгисиз зат алып чыгышкан".

Temirov LIVE командасынын мүчөсү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери Бишкектеги кеңсеге саат 19:15терде киргенин билдирген. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзгөн.

Журналист Болот Темировду милиция кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал ар кыл темада журналисттик иликтөөлөрдү жарыялап келген. Жакында анда "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Жаңы иликтөөдө көрсөтүлгөндөй, Ташиевдин жээни Байгазы Матисаков 2020-жылдын октябрь окуясынан кийин "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын жетектеген. Журналисттер OCCRP уюмунун жардамы менен "Регион ойл" компаниясынын экспорттук операциялары тууралуу документтерди алышкан. Документтерге ылайык, аталган ишкана мазутту Ташиевдин жээни жетектеген "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасына экспорттойт.

"Жөнөкөй эсептөөлөрдү жүргүзүп, 37 млн сом айырма алабыз. Башкача айтканда, ортомчу компания мамлекеттик заводдун продукциясын экспорттоо менен киреше табат – бул эки күндүн ичинде", - деп айтылат иликтөөдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Фейсбуктагы баракчасына "Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп" деп жазды.

41 жаштагы Болот Темиров курч журналисттик иликтөөлөрү менен таанылган. Ал маалыматты ар кыл булактардан салыштырып, факт жүзүндө тастыктап, иликтөөлөрдү жүргүзүп келет. 2020-жылдын 9-январында Бишкекте белгисиз адамдар сабап кеткен. Ал окуяны өзүнүн журналисттик кесиби менен байланыштырган. Кийинчерээк аны урган эки адамды милиция кармаган.

2020-жылы Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыган.

Бишкекте журналист Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдары жүрүп жатат
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:10 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG