Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:48

Адвокат журналист Темиров түнү менен милицияда кармалганын билдирди


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Бишкек милициясы иликтөөчү журналист, Temirov LIVE деп аталган YouTube-каналынын негиздөөчүсү Болот Темировду түнү менен кармады. Адвокат Нурбек Токтакунов журналист эмнеге шектелип жатканын тактоого аракет болгонун журналисттерге билдирди. Анын айтымында, тергөөчүлөр Темиров күбө катары суралып жатканын айтышкан.

"Таңкы саат 5:20 болду. Болот Темировду протоколу жок кармап турушат. Биз эң алгач Темиров эмнеге айыпталып кармалып жатканын тактоого аракет кылдык. Күбө катары суралып жатканын айтышты. Ал күбө катары бир нече суроого жооп берип тергөөчүгө милициялар кантип келегенин, өзүнө тийиштүү болгон полго жаткырып баңгизатты кантип салышканын айтты. Журналист мунун бааарын үч күн мурда чыккан Ташиевдерге байланыштуу иликтөөгө байланыштырып жатат. Ага эч кандай айып коюла элек, күбө катары суралды. Аны жөн эле кое бербей жатышат. Бул мыйзамсыз кармоо, кылмыш болуп эсептелет. Бул маселени биз сот алдына алып чыгабыз, прокуратуранын дагы маалыматы бар. Алар эмнени каалап жатканын түшүнгөн жокпуз", - деди адвокат.

22-январда күч органдары Болот Темировдун кеңсесинде тергөө амалдарын жүргүзүп, журналистти кармап кетишкен. Ал милиция кызматкерлери алып баратканда "мага чагым болду, атайлап салып коюшту" (белгисиз затты) деп айтууга үлгүргөн.

Адвокат Нурбек Токтакунов Темировго Кылмыш-жаза кодексинин 287-беренеси (Маңзат жана психотроптук заттарды колдонууго азгыруу) боюнча иш козголгонун билдирди. Ага чейин журналист өзү тинтүү учурунда күч кызматкерлери аны көмкөрөсүнөн жаткырып, арткы чөнтөгүнөн белгисиз зат таап чыгышканын айткан. Темиров ал "белгисиз зат" аныкы эмес экенин кошумчалаган.

Аны түндө Наркоборборго анализ тапшыртуу үчүн күч кызматкерлеринин коштоосунда алып барышкан. Ал маңзатка тапшырган анализдери таза чыкканын "Азаттыктын" журналистине айтты.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы журналисттин кармалышы боюнча ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүп жатканын, толук маалымат кийинчерээк берилерин билдирди.

Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөө чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев "Фейсбуктагы" баракчасына "Темиров Live сайтынын мен жөнүндө айтканы карандай калп" деп жазды.

Норвегиянын Хелсинки комитети кыргыз бийлигин иликтөөчү журналистти тинтүү маалында ага атайылап маңзат ташталган деген маалыматты тыкыр иликтөөгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG