Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Дүйнөдө медиага чабуул күчөдү, Кыргызстандын рейтинги


Сөз эркиндигин коргогон акция. Бишкек. 2020-жыл.
Сөз эркиндигин коргогон акция. Бишкек. 2020-жыл.

Дүйнөдө 2021-жылы камалган жана өлтүрүлгөн журналисттердин саны өстү.

Журналисттерди коргоо комитети кесиптик ишине байланыштуу түрмөгө камалган журналисттердин саны быйыл мурда болуп көрбөгөндөй жогорку көрсөткүчкө жеткенин жарыялады. Дүйнөдө сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени боюнча коңгуроо какты.

Эң жогорку көрсөткүч: Кытай, Мяньма, Беларус

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) 9-декабрда атайын жарыялаган баяндамасында 2021-жылы дүйнөдө 293 журналист кесиптик ишине байланыштуу камакка алынганы көрсөтүлгөн.

Эл аралык уюм бул көрсөткүч буга чейин болуп көрбөгөндөй жогору чекке жеткенин баса белгиледи. Быйылкыга салыштырмалуу былтыр 280 журналист камакка алынган. 2021-жылдын 1-декабрына карата 19 журналист киши колдуу болгон. Мындан башка 18 кабарчы белгисиз жагдайларда көз жумган. Үч журналист согуш жүрүп жаткан аймактарда окко учса, экөө каршылык акциясын чагылдыруу учурундагы кагылыштардан каза тапкан.

Сөз эркиндигин кысымга алып, журналисттерди зынданга салуу боюнча Кытай дүйнөдө үч жылдан бери биринчи орунду бере элек. Азыр 50 журналист темир тор артында отурат.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин пресс-катчысы Хуа Чунинг өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалына берилген бааны Бээжин этибар албай жатканын айтты:

Хуа Чунинг, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү.
Хуа Чунинг, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү.

"Биринчиден, журналисттердин укугун коргоо комитети АКШда жайгашкан. Ошондуктан АКШ менен байланыштуу уюмдар ал жакта туруп эмне айтпасын, анын бардыгы ишеним жаратпайт. Америкалык уюм көтөрүп жаткан маселени мен билбейм. Ошондуктан аны ырастай албайм. Бирок Кытай мыйзам үстөмдүгү күч өлкө. Эгерде алар мыйзам бузса, журналист же мамлекеттик кызматкер экенине карабай, сот алдында жооп берет. Ошондуктан бул маселени көтөрүүдөн мурун мына ошол 40 адам кандай мыйзамсыз ишке барганын ойлонуу керек", - деди Хуа Чунинг.

Быйыл февраль айындагы куралдуу төңкөрүштөн кийин бийликти аскердик хунта ээлеп алып, медиага чабуул күч алган Мьянма сөз эркиндигине болгон кысым боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.

Журналисттер эң көп камалган жана запкы тарткан өлкөлөрдүн алдыңкы бештигин Египет, Вьетнам жана Беларус толуктады.

Лукашенконун эркин медиага чабуулу

Беларуста 2020-жылы өткөн талаштуу президенттик шайлоодон кийин бир жылга чукул созулган каршылык акцияларын чагылдырууда жүздөгөн журналист жана блогерлер камакка алынган.

Андагы 19 кабарчы узак мөөнөткө соттолуп, азыркыга чейин абакта отурат.

Баяндамада быйыл майда беларус блогери Роман Протасевич менен Орусиянын жараны Софья Сапеганы кармоо үчүн Лукашенко Грециядан Литвага бараткан учакты күч менен Минскиге кондурууга жеке буйрук бергени белгиленди.

Ал эми Александр Лукашенко быйыл жайында мамлекеттик медианын өкүлдөрү менен жолугушууда сөз эркиндигин кысымга алууга кызыкдар экенин жашырган эмес.

Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

“Акыры сөз эркиндиги деген эмне экенин өзүңүздөр сездиңиздер. Бул залда отурган өзгөчө прогрессивдүү катмар. Сөз эркиндиги эмне экенин көрдүк. Ооба, макул - мен жөнүндө эмне деп жазышса дагы мен ага көнүп калгам. Бирок, мамлекеттик көз карашты коргогон үчүн мында отурган ар бириңер өз үлүшүңөрдү алып жатасыңар. Бул бизге керекпи? Бул нормалдуу көрүнүшпү? Анан айтышат: “сөз эркиндиги, демократия”. Ооба, сөз эркиндиги керек. Бирок кайсы мамлекетте болбосун сөз эркиндиги дайыма мыйзам менен чектелет. Ошондуктан биз муну тартипке салабыз”, - деген Александр Лукашенко.

"Бул ээликкен автократтар бийлигин сактоо үчүн мыйзамды тебелеп, ага көңүл бурбай, эл аралык ченемдерди тоготпой жаткандын мисалы", - деп жазылган уюмдун баяндамасында.

Журналисттерди коргоо комитетинин баяндамасында дүйнөдө алты жылдан бери катары менен 250дөн кем эмес журналист камалып жатканы жыл сайын каттоого алынып жатканы мисал келтирилди.

Сөз эркиндигинин абалы жакшыра баштаган өлкөлөр

Сөз эркиндигинин абалы боюнча рейтинги бир кыйла жакшырган өлкөлөрдүн тизмесине быйыл Түркия кошулду. Сөз эркиндигине карата катаал мамилеси менен беш жылдан бери катуу айырмаланып келген

Анкара быйыл 20 туткунду абактан бошотуп, сөз эркиндигине катаал мамиле кылган дүйнөдөгү алдыңкы бештиктин тизмесинен чыгып, 6-орунда турат. Бирок бул өлкөдө дагы 18 журналист түрмөдө отурат.

Түрк бийлиги 2016-жылдагы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүштөн соң бир топ маалымат каражаттарын жаап, көптөгөн журналисттер жумуштан кеткен. 2021-жылы мурда камалган кабарчылар мөөнөтүнөн мурун бошотула баштады.

Андан кийинки сегизинчи сапка түшкөн Сауд Арабиясы быйыл 10 журналистти абактан бошотуп, алдыңкы бештиктен чыкты. Бирок 2018-жылы саудиялык сынчыл журналист Жамал Хашогжини мыкаачылык менен өлтүрүүнүн кесепети журналисттерди унчукпоого аргасыз кылганы баяндамада белгиленди.

Сөз эркиндиги: Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы абал

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан “Чек арасыз кабарчылар” уюму 2021-жылы апрель айында 180 өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалы боюнча дүйнөлүк рейтингди жарыялаган.

Анда Кыргызстан дүйнөдөгү басма сөз боюнча индексте үч баскычка алдыга жылганы менен иш жүзүндө өлкөдө басма сөз эркиндиги начарлап жатканын белгиленген.

“Кыргызстандын рейтинги жогору көтөрүлгөнү менен глобалдык упайы начарлады. Бул “механикалык эффект” деп аталат. Рейтингдеги башка өлкөлөрдө абал Кыргызстандагыдан да көбүрөөк начарлагандыктан алар артка кетип, Кыргызстан алдыраак орундарды ээлеп калды”, - деп белгиленген “Дүйнөдөгү басма сөз эркиндигинин индекси-2021” аттуу жаңы баяндамада.

180 өлкөнү камтыган жалпы рейтингде Кыргызстан быйыл үч баскычка алдыга жылып, 79-сапка чыккан. Бирок өлкөнүн медиа эркиндиги боюнча упайы начарлаган.

Быйыл июль айында Жогорку Кеңеш талаш жараткан “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган. Депутаттар бир ай мурун эле өздөрү четке каккан долбоорду кайра 100гө жакын добуш менен колдоп берген. Бир айдан кийин мыйзамга президент кол койгон.

Документтин авторлору жана бийлик мындай мыйзам керек экенин айтып, "фейктерге" каршы күрөш зарыл деген жүйө келтиришкен. Ага ылайык, өкмөткө "жалган же анык эмес маалымат" тууралуу жеке адам, уюм тарабынан жазылган арыздын негизинде ал маалыматты тараткан интернет сайтты жаап коюу укугу берилет. Маалымат бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, көлөкө түшүрдү деп табылган учурда бул мыйзам колдонулмакчы.

Кабыл алынып жаткан учурда жергиликтүү жарандык активисттер жана бир катар эл аралык уюмдар президентти ага кол койбоого чакырган.

Маселен, эл аралык абройлуу "Хюман Райтс Уотч" уюму 5-августтагы билдирүүсүндө президент Садыр Жапаровду сөз болуп жаткан мыйзамга вето коюуга үндөгөн.

Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" уюму "“Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды сынга алып, "Кыргызстандын президенти интернеттеги фейк маалыматтарга каршы күрөш деген негиз менен кол койгон мыйзам цензурага жол ачып берди" деген билдирүү тараткан.

Уюмдун маалыматында 2021-жылы Борбор Азияда аймагында сөз эркиндиги боюнча Кыргызстан 79-сапка чыккан. Казакстан 155-орунда, Өзбекстан былтыркыдан бир сап ылдый 157-орунда баратат. Тажикстан бир сапка түшүп, 162-орунда. Түркмөнстан артынан эсептегенде былтыр Түндүк Корея менен Эритерияны кууп өтүп, 178-орунду ээлеп, эки сапка рейтингин жакшыртты.​

"Чек арасыз кабарчылар" ​уюму бул рейтингин 2002-жылдан бери жарыялап келет. Ага ылайык, Кыргызстанда биринчи президент Акаевдин бийликтеги акыркы жылдарында басма сөз эркиндиги начарлап, бул тенденция Курманбек Бакиевдин президенттик мөөнөтүнүн акыркы бир нече жылында ого бетер күчөгөн.

2010-жылы Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча 159-орунга чейин түшүп, Казакстан, Өзбекстан, Сомали сыяктуу өлкөлөрдүн катарынан орун алган. 2014-жылдан баштап көрсөткүчтөр акырындап жакшырып, Кыргызстан алгачкы 100 өлкөнүн катарына кошулган. Ошентсе да мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги акыркы жылында Кыргызстан тогуз баскычка артка кеткен.

XS
SM
MD
LG