Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Парижде Хашогжинин өлүмү боюнча кармалган адам бошотулду


Жамал Хашогжинин сүрөтү.
Жамал Хашогжинин сүрөтү.

Париждин Шарль де Голль аэропортунда сауд арабиялык журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө шектүү катары бир күн мурун кармалган Халед Айед ал-Отайби деген киши кайра коё берилди. Териштирүү учурунда анын аты-жөнү гана эл аралык издөө жарыяланган кылмышка шектүүгө окшош болуп чыкты.

Шаршембиде Сауд Арабиянын Тышкы иштер министрлиги Халед Айед Отайби деген аты-жөнү уйкаш адам Парижде жаңылыштык менен кармалганын жана Стамбулдагы эки жыл мурунку чуулгандуу ишке анын тиешеси жок экенин билдирди.

Франциянын прокуратурасы муну ырастады.

"Бул адамдын тек-жайы текшерилип, тактоолордон кийин камоого берилген ордер ага тиешелүү эмес экенин көрсөттү. Ошондуктан ал бошотулду", - деп айтылат француз прокуратурасынын билдирүүсүндө.

Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн саудиялык кылмышка шектүү дагы Халед Айед Отайби деген ысымга ээ. Ал Сауд падышалыгынын гвардиясынын мурдагы офицери жана бул киши өлтүрүүгө байланыштуу Стамбул полициясы издеп жаткан 26 кылмышка шектүүнүн бири.

Араб режимин жана мураскер ханзааданы сындап келген Жамал Хашогжи 2018-жылдын октябрында Саудиянын Стамбулдагы консулдугунда мыкаачылык менен өлтүрүлүп, денеси жиликтенип, кескиленгени кийин белгилүү болгон.

Түрк чалгын кызматтары “Сауд Арабиянын расмий кызмат адамдары Жамал Хашогжини атайын пландап, ырайымсыздык менен өлтүрткөн” деп эсептейт.

Түркия бийлиги аны өлтүрүү үчүн Стамбулга келген тыңчылар Сауд Арабиянын падышалык бийлигинен түшкөн буйруктун негизинде иш алып барганын айтып чыккан.

Бир нече айдан кийин Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугундагы телефон тыңшоонун жазуулары жарыяланды. Анда Жамал Хашогжи консулдуктун имаратына киргенде аны дароо Эр-Рияддан келген топ тосуп алып, алар кийин аны мыкаачылык менен өлтүргөнү ачыкка чыккан.

Бул окуяга байланыштуу 21 киши камакка алынган. 2019-жылы жабык сот жүрүмүндө 11 киши жазага тартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG