Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Акын Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү аныкталды


Зайырбек Ажыматов. Архивдик сүрөт.
Зайырбек Ажыматов. Архивдик сүрөт.

Акын, маданиятка эмгек сиңирген ишмер Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын жеңүүчүсү аныкталды. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты негиздеген сыйлыктын жеңүүчүсү жаш акын Мелис Мамажан уулу болгонун уюштуруучулар кабарлашты.

Сыйлык жыл сайын маркум Зайырбек Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган бир акынга ыйгарылат.

Жеңүүчүнү “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобу аныктады.

Сынакта Айзат Кудайберди кызы жана Мелис Мамажан уулу аттуу эки акындын чыгармачылык камылгасы ачык талкууланып, натыйжада жети упай топтогон Мамажан уулу жеңүүчү болду.

Ажыматов атындагы төш белги, диплом жана Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын атынан 100 миң сомдук акчалай сыйлык жеңүүчүгө 12-декабрь – Кыргыз адабиятынын күнүнө карата салтанаттуу түрдө тапшырылат.

«Азаттык» радиосунда маданият темасындагы окуяларды чагылдырып иштеген акын Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 28-апрелде 44 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Акындын калеминен «Жалгыздык» (1996-ж.), «Мелмил» (2005-ж.), «Нөлү көп жылдар» (2011-ж.), «Жүрөктөгү бороон» (2019-ж.) ыр жыйнактары жарык көргөн. Анын ырларына обончу-композиторлор обон жаратып, эл арасында белгилүү болуп ырдалып калды.

Ажыматовдун чыгармачылыгында ата мекенди сүйүү, мекенчилдик дух, жарандык бийик сезим, көтөрүңкү маанай өзгөчө орунду ээлейт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG