Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Бекешев: Депутаттарга эми президенттин маанайын карап иштөөгө туура келет


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламентке ишин өз алдынча уюштуруу мындан ары оор болот деп эсептейт. Мындай пикирин ал 8-декабрда “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” көрсөтүүсүндө сүйлөп жатып билдирди:

“Ачыгын айтсам, чынында оор болот. Мурда парламентте “Ак үй” болгон, имарат болгон, азыр бүт баары президентке өттү. Эртең көрөсүңөр, иш бөлмө, микрофон, кагаз, принтер, компьютер, баарын президенттин иш башкармалыгы чечет. Парламентке өтө оор болот”.

Ал эми болочок парламенттеги оппозициянын ролу тууралуу Бекешев депутаттар президентке каршы пикирин айта аларын, бирок баары бир “президенттин маанайын карап иштөөгө туура келерин” белгиледи.

2010-жылы парламенттик башкаруу жолун тандаган Кыргызстанда 2020-жылдын күзүндө бийлик алмашып, быйыл конституциялык реформанын негизинде толук президенттик башкаруу башталды.

Президент Садыр Жапаров конституциялык реформа тууралуу "парламенттик башкаруу бизнеске айланганын" айтып сындаган, ал эми анын оппоненттери бир адамдын чексиз бийлиги өлкөнү артка тартарын айтышкан.

Парламенттик шайлоо быйыл 28-ноябрда өттү. Мурдагы 120 мандаттын ордуна эми Жогорку Кеңеште 90 депутат болот, алардын 54тү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланат.

Дастан Бекешев бул шайлоодо Бишкектин бир мандаттуу Октябрь районунан алдыга чыкты. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG