Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:34

Олаф Шольц Германиянын канцлери болуп шайланды


Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц жана бийликтен кеткен Ангела Меркел.
Германиянын федералдык канцлери Олаф Шольц жана бийликтен кеткен Ангела Меркел.

Германиянын федералдык канцлери болуп социал-демократ Олаф Шольц шайланды. Анын талапкерлиги үчүн Бундестагдын 395 депутаты добуш берди.

Ал 16 жылдан бери өкмөттү башкарып келген Ангела Меркелдин ордуна келди. Германияда федералдык канцлер аткаруу бийлигинин башчысы болуп саналат. Президенттин ыйгарым укуктары негизинен өкүлчүлүк мүнөздө гана.

Буга чейин үч партия - Социал-демократтар, "Жашылдар" жана Германиянын эркин демократиялык партиясы сентябрдагы шайлоодон кийин Бундестагда башкаруучу көпчүлүк коалициясын түзүп, бул саясатчыны канцлерликке дайындоону макулдашкан.

63 жаштагы Шольц Германиянын тогузунчу канцлери. Саясатчы 1958-жылы Оснабрюкта туулган, юридикалык билимге ээ, альтернативдик аскер кызматын өтөгөн жана бир топ жыл юрист болуп иштеген.

Ал Бундестагдын эки жолку депутаты болгон. Германиянын өкмөтүндө эки жыл эмгек министри, жети жылга жакын Гамбург шаарынын биринчи бургомистри, 2018-жылдын март айынан бери финансы министри болуп иштеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG