Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Жапаров Казакстандан буудай сатып алууга даяр экенин билдирди


Акылбек Жапаров менен Аскар Мамин.
Акылбек Жапаров менен Аскар Мамин.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарындагы жумушчу сапарынын жүрүшүндө Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар экономикалык, логистикалык, транспорттук, вегетациялык, суу-энергетикалык жана башка чөйрөлөрдөгү долбоорлорду илгерилетүүнү макулдашты.

Мындан сырткары айыл чарба тармагындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө басым жасалды. Казак тарап кант өндүрүш тармагында кыргызстандык ишкерлер менен тажрыйба алмашууга кызыкдарлыгын билдирип, кант кызылчасын жана сырьё өстүрүү боюнча биргелешкен ишканаларды ачуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштаган.

Казак тарап 1000 тонна күздүк буудайды жеткирүүгө жардам берерин айтса, Акылбек Жапаров республиканын 12 миң тонна буудайга муктаждыгы бар экенин, аны сатып алууга даяр экенин билдирген.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Аскар Мамин Бишкек шаарын автобус менен камсыз кылуу долбоорун ишке ашырууга даярдыгын айтып, Казакстанда өндүрүлгөн электр автобустарын сунуш кылган. Казакстандык ишкерлер Кыргызстандын экономикасына кеңири чөйрөдө инвестиция салууга даяр экени да расмий кабарда айтылды.

Тараптар Кыргызстанда дүң бөлүштүрүү борборлорун түзүү жана иштетүү боюнча биргелешкен Иш-чаралар планын («Жол картасы»), 2022-жылдын февраль айында ишке киргизүү пландалып жаткан "Ак-Тилек" жана "Карасуу" автожол өткөрүү пункттарында индустриалдык соода-логистикалык комплексин түзүү жана иштетүү маселесин талкуулады.

Расмий маалыматка таянсак, бул долбоорлорду ишке ашыруу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатууга мүмкүндүк берет, келечекте аны 2 млрд. долларга чейин жогорулатуу сунушталууда.

Президент Садыр Жапаров Казакстанга мамлекеттик сапар менен 2-мартта барган. Анда эки мамлекеттин соода-экономикалык потенциалы толук пайдаланылбай жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG