Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Депкомиссия: УКМК Жээнбековду Конституцияны бузуп камаган


Асылбек Жээнбеков.
Асылбек Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин убактылуу депутаттык комиссиясынын корутундусунда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөө абагында отурган депутат Асылбек Жээнбеков "мыйзамсыз камакка алынган" деп табылып, Жээнбековду тергөө абагынан токтоосуз бошотуу керек экени айтылган.

Бул тууралуу комиссиянын төрагасы, депутат Канат Исаев корутундуну окуп жатып билдирди.

“Башкы прокуратуранын сунуштамасында айыптоонун негиздүүлүгү Жогорку Кеңештин депутаттары Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков жана Исхак Пирматовдун көрсөтмөлөрүнө гана негизделген. Алар бул көрсөтмөлөрдү атайын кызматтын тергөө абагында отурганда жана тергөө менен кызматташуу келишимине барганда беришкен. Бул жагдайлар алардын көрсөтмөлөрүнө олуттуу шектенүү менен кароого негиз берет”, - деди Канат Исаев.

Комиссиянын корутундусунда төмөндөгү пунктар белгиленген.

1. Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков депутаттардын көпчүлүгүнүн макулдугусуз, Конституциянын 78-беренесин бузуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган жана камакка алынган деп таанылсын;

2. Кылмыш-жазык процессуалдык кодексинин жаңы редакциясы күчүнө киргендигине байланыштуу Асылбек Жээнбеков атайын кызматтын тергөө абагынан токтоосуз бошотулууга тийиш;

3. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамдын 24-беренесине ылайык депутат элдин жана мамлекеттин коргоосу алдында турары жана мандатынын колдонуу мөөнөтүндө жана андан кийин дагы айтылган ой-пикири жана добуш берүү жыйынтыктары үчүн куугунтукталышы мүмкүн эмес экени белгиленсин.

Жогорку Кеңеш Башкы прокуратуранын үч депутатты жоопкерчиликке тартуу боюнча сунушунун негизинде түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусун карап жатат.

Комиссия Башкы прокуратурага депутаттар Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду жоопко тартууга уруксат берген жок. Ал эми депутат Бакыт Жетигеновдун маселесин кароону кийинкиге калтырды.

Жээнбеков менен Зулпукаров "Кумтөр иши" боюнча коррупцияга шек саналып быйыл июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камалышкан. Жетигеновду УКМК “Бийликти курал колдонуп күч менен басып алууга даярдык көрүү” деген айыптын негизинде быйыл ноябрда кармаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG