Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:49

БШК мүчөсү Акылбек Эшимов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды


Акылбек Эшимов.
Акылбек Эшимов.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимов кызматтан кетүү боюнча арыз тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Салайдин Айдаров билдирди. Ал буга байланыштуу фракциянын жана тийиштүү комитеттин чечими дагы бар экенин билдирип, Эшимовдун арызын кароону сунуш кылды.

Спикердин милдетин аткаруучу Аида Касымалиева комитетке БШКнын мүчөлүгүнө жаңы талапкер боюнча сунуш келип түшкөнүн, эки маселе чогуу карала турганын билдирди.

БШК мүчөсү Акылбек Эшимов Кылмыш кодексинин 204-беренеси ("Ири өлчөмдөгү алдамчылык") менен шек саналып кармалып, камалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 11-сентябрда маалымдаган. Атайын кызматтын кабарына караганда, Эшимовго каршы арыз түшкөн, кайрылган адам БШКнын мүчөсү "Кыргызстан" саясий партиясынын лидери менен кошо 550 000 доллар алганын билдирген. Акча 2020-жылы, июнь айында парламенттик шайлоого катышуучу партиялык тизмеде алдыңкы беш орундун ичине кошуу убадасы менен алынганы, ал сөз ишке ашпай калгандан кийин анын 300 миң доллары гана ээсине кайтарылганы белгиленген. Бишкектин Биринчи май райондук соту БШКнын мүчөсүн эки айга УКМКнын тергөө абагына камоого чечим чыгарган.

Кийин Борбордук шайлоо комиссиясы Акылбек Эшимовдун кармалышына байланыштуу билдирүү жасап, БШК мүчөлөрү партиялардын талапкерлерин сунуштай албай турганын, аталган мекеме саясий уюмдардын мындай иштерине киришүүгө укугу жок экенин жарыялаган.

"Кыргызстан" партиясынын лидери Канатбек Исаев бул иштин партияга тиешеси жоктугун билдирген.

XS
SM
MD
LG