Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:44

Коронавирус дагы 32 адамдан аныкталды, каза болгондор катталган жок


Коронавирус.
Коронавирус.

8-декабрга карата Кыргызстанда 32 адам COVID-19 вирусун жуктурганы лабораториялык жактан аныкталды. Алардын көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында, Нарын, Баткен, Ысык-Көл облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

  • Бишкек - 15
  • Чүй облусу – 9
  • Ош облусу – 3
  • Талас облусу - 1
  • Жалал-Абад облусу – 4

COVID-19га каршы республикалык штабдын маалыматына караганда, бир суткада бул инфекциядан каза болгондор катталган жок.

Ушуну менен былтыр марттан бери бул ооруну жуктуруп алган 183 744 адам катталды. Алардын 2762си каза болду.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 7-декабрга карата 2 миллиондон ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 921 миңден ашууну эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырышты.

Вакцина бир адамга эки дозада берилет, арылыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG