Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Гаага соту Арменияны жана Азербайжанды басмырлоону токтотууга милдеттендирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун Жогорку соту Арменияны жана Азербайжанды Тоолуу Карабак чырына байланыштуу ортодогу расалык жек көрүүчүлүктү жана басмырлоону токтотууга милдеттендирди.

7-декабрда кабыл алган чечиминде эл аралык сот Азербайжанды камакка алган армян өкүлдөрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга жана армяндардын маданий мурасын мазактоону токтотууга чакырды.

Армения Азербайжанды ондогон жылдар бою армян жарандарынын жана этникалык армяндардын укугу бузулганы үчүн айыптап Гаага сотуна быйыл сентябрда арыз берген жана азери өкмөтүн “армяндарга карата расалык басмырлоо, аларды жек көрүү боюнча мамлекеттик саясат жүргүзгөн” деп айыптаган.

Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги буга байланыштуу билдирүү таратып, ошондой эле айыптар менен Арменияны сотко бергенин билдирген.

Түштүк Кавказдагы эки коңшунун мамилеси 2020-жылы болгон 44 күндүк согуштан бери чыңалган бойдон калууда. Тоолуу Карабак анклавынын айынан тутанган куралдуу жаңжалда кеминде 6,5 миң киши каза болгон. Согуш Москванын ортомчулугу менен тараптар келишим түзгөндөн кийин токтогон. Документке ылайык, Азербайжан Тоолуу Карабак аймагынын бир топ бөлүгүн өз көзөмөлүнө кайтарып алган.

Эл аралык коомчулук Тоолуу Карабакты Азербайжандын аймагы катары тааныганы менен ал жерди 1990-жылдардын башынан тарта жикчил армяндар көзөмөлдөп келген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG