Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Ак үй: АКШ Орусияга Украина боюнча эскерттүү айтты


Ак үй Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден орус президенти Владимир Путинге эгер Орусия Украинанын аймагына бастырып кире турган болсо олуттуу экономикалык жана башка чаралар көрүлөрүн эскерткенин билдирди.

Эки лидер 7-декабрда видео байланыш аркылуу сүйлөшүү өткөрүп, анда негизинен Украина боюнча маселе талкууланды.

Орусия Украинанын НАТОго кириши же альянстын бул өлкөдө аскер базасын орнотушу Орусия үчүн "кызыл чек" болорун жана жооп кайтарылышы мүмкүн экенин буга чейин айткан.

Ал эми АКШ жана Батыш өлкөлөрү Украинанын чек арасына жакын жерде Орусия тарапта соңку жылдардагы эң көп аскердик топтолуу байкалганын кооптонуу жаратуучу фактор деп атап жатышат.

«Байден Украинанын тегерегинде орус аскерлери топтолуп жатканына байланыштуу терең тынчсыздануу билдирип, чыңалуу жаралса АКШ жана анын союздаштары чечкиндүү экономикалык жана башка кадамдар менен жооп кайтарарын эскертти” деп билдирди Ак үйдүн басма сөз кызматы.

Ал эми Кремлдин басма сөз кызматы Путин НАТО Орусиянын чек арасынын жанында аскердик потенциалын бекемдеп, “украин аймагын ээлеп алуу боюнча кооптуу аракеттерди көрүп жатат” деп айтканын, орус бийлиги НАТОнун чыгыш тарапка кеңейбей турганына кепилдик алууга кызыкдар экенин эскерткенин кабарлады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG