Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Шайлоо-2021: Добуштары күмөн жараткан участокторду техникалык топ текшерет


БШК.
БШК.

Парламенттик шайлоодо добуштарды автоматтык түрдө эсептеген урналардын ишин текшере турган көз каранды эмес техникалык топ ишин бүгүн 8-декабрда баштай турганын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Анын айтымында, алты партиядан күмөн жараткан 600дөй участок боюнча арыз-даттануу түшкөн, алардын жүздөн ашуунун кол санактын протоколдору жарыялангандан кийин кайра кайтарып алышкан:

“Автоматтык эсептөөчү урналар боюнча бардык маалыматтар системага киргизилди. Кол менен саноо протоколдорун киргиздик. Графикалык көчүрмөлөр бар. Ар бир партия менен ошол участокторду карап көрсөк. Биздин адистер ар бир партия менен иштеп чыкса”.

Шайлдабекова арыздар «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Альянс», «Ынтымак», «Ишеним», «Азаттык» жана «Эл үмүтү» партияларынан түшкөнүн белгилеп, күмөн жараткан участоктор боюнча тактоо иштери партиялардын жана байкоочулардын катышуусу менен өткөрүлөрүн кошумчалады.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөн. Добуштар адегенде автоматтык эсептөөчү урналарда, андан кийин колго саналып, жыйынтыгы Боршайкомдун сайтына жарыяланды.

Шайлоонун расмий жыйынтыгы 18-декабрга чейин белгилүү болушу зарыл.

Добуш берүү күнү Боршайкомдун сайтындагы маалымат системасы үзгүлтүккө учурап, жаңылангандан кийин айрым партиялардын добушу азайып калган. Алар БШК алдында нааразылык акциясын өткөрүшкөн жана добуштар бурмаланганын айтып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан. Боршайком бурмалоо болбогонун, техникалык гана ката кеткенин жана анын жалпы жыйынтыкка таасири жок экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG