Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

Нью-Йоркто АКШнын жарандыгы жокторго шайлоо укугу берилиши мүмкүн


АКШ. Нью-Йорк.
АКШ. Нью-Йорк.

АКШнын жараны болбогон Нью-Йорктун тургундары жергиликтүү шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болушу ыктымал. Бул тууралуу тиешелүү мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү долбоору Нью-Йорк шаардык кеңеши менен мэриянын кароосуна сунушталды.

Документ кабыл алынса, мэрди, шаардык кеңештин депутаттарын жана башка шайлануучу кызматтарды шайлоого жарандыгы жок 800 миңдей адам катыша ала турганын "Америка абазы" радиосу кабарлады.

Ошол эле учурда жарандыгы жоктор дагы деле президентти же Конгресстин мүчөлөрүн шайлоодо, ошондой эле штаттын губернаторун, мыйзам чыгаруучуларды жана штаттын судьяларын шайлоодо добуш бере алышпайт.

Документ шаардык кеңеште кеңири колдоого ээ болгону кабарланды.

Бул мыйзам долбоору толук бекитилсе Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио ага вето койбой турганын билдирди.

Жалпысынан соңку маалыматтар боюнча, шаардын чеке-белиндеги калктуу конуштардын тургундарын кошпогондо, Нью-Йоркто тогуз миллионго жакын калк жашайт. Анын ичинен жети миллион адам добуш берүү укугуна ээ.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG